Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык жай аныкталды


Лицензиясы жок иштеген косметологиялык жайларды текшерүү учуру.
Лицензиясы жок иштеген косметологиялык жайларды текшерүү учуру.

Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык мекемени аныктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордо мыйзамсыз косметологиялык кызмат көрсөткөн сулуулук салондору, кеңселер 16-17-ноябрь күндөрү текшерилген. Жыйынтыгында лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салонго 84 миң сом айып пул салынды.

Алар тиешелүү уруксат кагаздары жок эле мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык кызматтарды көрсөтүп жүрүшкөн. Министрлик элди Саламаттык сактоо министрлигинен медициналык ишти жүргүзүүгө лицензия алган гана жайларга барууга чакырды.

Алардын тизмеси министрликтин сайтындагы “Медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо” бөлүмүндө бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG