Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Жапониянын ири ишканаларынын өкүлдөрү Кыргызстанга келет


Президент Садыр Жапаров Жапониянын "РОТОБО" бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту. Токио. 20-ноябрь, 2023-жыл
Президент Садыр Жапаров Жапониянын "РОТОБО" бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту. Токио. 20-ноябрь, 2023-жыл

Ноябрь айынын аягында 20 адамдан турган эксперттик топ - Жапониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Жапониянын РОТОБО ишкер ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуусунда айтылды. Жолугушуу бүгүн, 20-ноябрда Токиодо болду.

Ассоциациянын президенти Масами Иидзиманын маалыматында, эксперттик топтун сапарында бир катар иш-чаралар, анын ичинде Бишкек эркин экономикалык зонасына баруу, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу каралган. Ал жапон тарап Кыргызстан менен экономикалык кызматташтыкты, туризм, айыл чарба, энергетика, өнөр жай сыяктуу багыттар боюнча бизнес-диалогду өнүктүрүүгө даяр экенин кошумчалады.

РОТОБО ишкер ассоциациясы Грузия, Монголия, Орусия, жана КМШ мамлекеттеринин соода өнөктөшү болуп саналат.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жапон тараптын Кыргызстан сунуштаган инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга умтулуусун жана каалоосун канааттануу менен белгилеп, жолугушуу РОТОБО менен ишкер мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат деген ишеничин айтты.

Президент быйылкы жылы эки тараптуу соода өскөнүн айтып, бирок ошол эле учурда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү потенциалы толук пайдаланылбай жатканын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-ноябрдан бери Жапонияда расмий сапар менен жүрөт. Сапар алкагында мамлекет башчы Жапониянын императору Нарухито, премьер-министр Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, JICA – Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин жана бир катар ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу документтерге кол коёру кабарланган.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алакасынын негизделгенине 30 жыл толду. Бул мезгил аралыгында Күн чыгыш өлкөсү кыргыз элине экономикалык, технологиялык жана маданий, билим берүү жагынан барандуу жардам берди.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын катарында Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA) бар. Кыргызстанда 2000-жылдан бери иштеп келе жаткан агенттик айыл чарба, социалдык инфратүзүм, жакырчылык менен күрөшүү, социалдык жана агрардык өнүгүү, саламаттык сактоо, мыйзамдык системаны реформалоо өңдүү нар бир кыргызстандыктын жашоосуна түз таасирин тийгизген ири долбоорлорду ишке ашырып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG