Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

БУУ Газадагы Аш-Шифа ооруканасында 291 бейтап калганын билдирди


Газа тилкесиндеги Аш-Шифа ооруканасы
Газа тилкесиндеги Аш-Шифа ооруканасы

19-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) дарыгерлер тобу Газадагы эң чоң Аш-Шифа ооруканасында 291 бейтап калганын билдирди. Алардын арасында абалы өтө оор 32 ымыркай, омурткасы мертинген, ордунан жыла албаган бейтаптар бар.

Эл аралык уюмдун атайын командасы ооруканада баш калкалаган 2500 качкын, өзү басып тура алган бейтаптар жана медициналык кызматкерлер чыгып кеткен соң комплекске барып көрүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Палестин анклавындагы эң чоң, заманбап жабдылган медициналык комплекс соңку алты жумадагы таза суу, күйүүчү май, дары-дармек, тамак-аш жана башка өтө зарыл нерселердин тартыштыгынан улам дээрлик өз милдетин аткара албай калганын ДССУ билдирди.

Израилдин армиясы ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) согушкерлеринин Аш-Шифа ооруканасынын алдына башкаруу борбору жайгашкан деген жүйө менен медициналык комплексте атайын операция жүргүзүп жатат. Жөөт аскерлери Аш-Шифада тургандардын баарын эвакуациялоону талап кылбаганын, «эвакуацияга жардам берүү макулдашылганын» ишембиде билдирди.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңден ашуун киши набыт болгонун маалымдады. 3 миңге чукул палестин дайынсыз. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес. Улуттар Уюмунун агенттигинин эсебинде бир жарым миллиондон ашуун тургун аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болду.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй бейкүнөө кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн ашуун адамды согушкерлер барымтага алып, Газа тилкесине алып кеткен. Миңдеген киши жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG