Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Аялын өлтүрүүгө шектүү мурдагы министрдин иши. Казакстанды нес кылган окуя


Куандык Бишимбаев менен аялы Салтанат Нукенова үйлөнүп жаткан учур. 2022-жыл.
Куандык Бишимбаев менен аялы Салтанат Нукенова үйлөнүп жаткан учур. 2022-жыл.

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин аялынын өлүмүнөн кийин кармалышы ушул айда эле бир канча тирукмуш окуяларды уккан казак коомунун үрөйүн учурду. Бул реакциядан кийин аялдар зомбулукка тынымсыз кабылган система реформа болобу?

Бул көпчүлүк адамдар элестеткендей үй-бүлөлүк зомбулук болгон жок. Бир кезде эң жаш министр катары таанылган капчыгы калың, сый-ургалдары жетиштүү 43 жаштагы шектүүгө көпчүлүк мекендештери суктангыдай эле.

Анын курмандыгы аялы болду, астролог катары таанылган 31 жаштагы келин ур-токмоктон жан берди.

Кылмыш Астананын фуд-кортторунун бириндеги шектүүнүн жакындары ээлик кылган белгилүү ресторанда болду.

Казакстанда аялдарга карата зомбулук алыскы айылдарда же жакырчылык сазына батып, батирде жашаган үй-бүлөлөрдө гана болот деген уламыш биринчи жолу жокко чыккан жок.

Аялдар бул көйгөйгө башын оорутуп, өздөрүн кордогон эмес, коргой турган жаратман система качан түзүлөт деген суроону да биринчи жолу беришкен жок.

"Биз бул чуулгандуу иш бат эле унутулуп, эч нерсе болбогондой басып калгыбыз келбейт, анткени кырдаал биз ойлогондон да татаал", - дейт казакстандык The Village сайтынын башкы редактору Александра Аканаева.

"Биздин чыдам чегине жетти. Менин көз карашымда биздин мыйзамдар жийиркеничтүү. Ар бир үчүнчү аял зомбулукка кайсы бир жол менен кабылганын айтып жатканда, аны четке кагууга кантип болсун?", - деди Аканаева "Азаттыкка".

Анткен менен активисттер мурдагыдай эле кво-статусун өзгөртүүгө саясий эрк жетеринен күмөн санап турушат.

"МЫНДАЙ СОККУ МЕНЕН ЖАРААТТЫ МУРДА КӨРБӨГӨМ"

Кеп адегенде трагедия тууралуу болсун.

Улуттук экономика боюнча мурдагы министр Куандык Бишимбаев жана анын жубайы Салтанат Нукенованын түтүн булатканына бир жыл болгон.

Нукенова Бишимбаевдин үчүнчү аялы болчу.

Анын экинчи аялы Назым көз карандысыз Казакстандын келечеги кең аткаминерлеринин бири саналган Бишимбаев коррупцияга шектелип, саясий карьерасына доо кеткен жылдары сот отурумдарына жана абакка тынбай барып, колдоп турган.

Назым менен нике Бишимбаев камалгандан эки жыл өткөндөн кийин, президенттин ырайымы менен 2019-жылы бошотулганда бузулган.

Өлкөдөгү кадыр-барктуу университеттин ректору болгон жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин досу катары таанымал Бишимбаевдин атасындай эле Нукенованын үй-бүлөсү да саясатка аралашкан.

Салтанат Нукенова киши колдуу болгону айтылган ресторан.
Салтанат Нукенова киши колдуу болгону айтылган ресторан.

Bau ресторанынын VIP-кабинасында болгон өлүмдөн кийин Нукенованын агасы, Павлодардын мурдагы акими Кайрат Нукенов иликтөөнүн калыстыгынан күмөн санап интервью берди.

Нукенов 12-ноябрда павлодарлык журналист Болат Аманбаевге курган маегинде карындашынын сөөгүн жууган аялдар "дендароо болуп кумсарып" чыкканын айтты.

"Алар көпкө жуушту, мындай жарааттарды жана көгала тактарды мурда-кийин көрбөгөнүн айтышты. Алар адамдын денесинде ушунча жараат болорун биринчи жолу көрүшүптүр", - деген Нукенов Бишимбаевдин жактоочуларын "Салтанат тууралуу жалган ушактарды таратуу үчүн блогерлерге акча төлөп жатат" деп айыптады.

Полициянын супсак билдирүүсүнөн айырмаланып, окуяны ийне-жибине чейин сүрөттөгөн ЖМКнын маалыматында башына тийген оор соккулардан кийин Нукенованын көпкө кыйналып жатып үзүлгөнү зээнди кейитет.

Ал аз келгенсип келинди "Тез жардам" чакырганга чейин шектүү ресторанда узак убакыт кармап отурган.

12-ноябрда Астананын полициясы киши өлтүрүүгө байланыштуу "Кылмыш тууралуу убагында билдирбөө" жана "Коркунучта калтыруу" деген беренелер менен кылмыш ишин козгогон.

Ошол эле күнү кылмышты жашырууга шек саналып, "Гастро-центр" фут-кортунун жетекчиси кармалган.

Бишимбаевдин үй-бүлөсү бул боюнча комментарий берген жок.

"МЫЙЗАМ БААРЫНА БИРДЕЙ"

Экс-президент Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев кайтыш болгон жумада Нукенованын өлүмгө кабылышы прессада жана социалдык тармакта кызуу талкууланды.

Учурда үй-бүлөдөгү зөөкүрлөргө карата жазаны катаалдаштырууну талап кылган петицияга 100 миңден ашуун киши кол койду. Бул сан бийлик талапка көңүл бура турган босого чектен кыйла жогору.

15-ноябрда Касым-Жомарт Токаев ички иштер министри Ержан Саденов, башкы прокурор Берик Асылов, Жогорку Соттун башчысы Асламбек Мергалиев менен жыйын өткөрүп, бул ишке өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, "мыйзам баарына бирдей" экенин айтты.

"Балдарга жана аялдарга карата кандай гана зомбулук болбосун тез арада чара көрүү керек", - деп кошумчалады Токаев.

Куандык Бишимбаев коррупцияга айыпталып камалган учур. 2017-жыл.
Куандык Бишимбаев коррупцияга айыпталып камалган учур. 2017-жыл.

БУУнун статистикасына таянсак, Казакстанда жылына 400 аял зомбулуктан каза табат. Бул кабарга укук коргоо органдары ийин куушуруп гана тим болот.

Май айында ИИМдин өкүлү 2023-жылдын биринчи айында эле шектүүлөрдүн 17 пайызы аялды урганы үчүн административдик жазага гана тартылганын билдирген.

Анын айтымында буга жабырлануучулардын жазган арызын кайтарып алганы себеп болгон.

Бирок көптөгөн укук коргоочулар система ушул жолго түртүп жатканын белгилешет.

Бул жүйө өткөн жумада дүң болгон видео менен бекемделген. Анда аялдын ыйлап, ал эми полиция кызматкери аны арызын артка кайтарып алууга ынандырып жатканын көрүүгө болот.

"Эртең далилдөө кыйын болот", - деп эскертет ага полиция кызматкери, мындан тышкары адвокатка жөн эле акча коротуп жатканын айткан.

Видеодогу аял, Алматынын Уулжан аттуу жашоочусу бардын кароолчусу аны үйгө узатымыш болуп зордуктап койгонун айтып, адилеттик орнотуп берүү өтүнүчү менен Токавге интернет аркылуу кайрылган.

"Феминита" кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Гүлзада Сержан "Азаттыктын" казак кызматына полицияны жабырлануучуга мындай мамиле кылууга коррупция түртүп жатканын айтып берген.

"Зордукчул акталгысы келет. Балким башка факторлор болушу мүмкүн, айталы, эркектердин тилектештиги, полициянын иликтөөнү талап кылган иштерди кыскартуу аракеттери, анткени система ушундай", - дейт Сержан.

"БАКЫТ" ДЕГЕН АТАЛЫШТАГЫ ТАСМА

Нукенованын Астанадагы өлүмү жана Уулжанды Токаевге кайрылууга аргасыз кылган кайгылуу окуя аз болгонсуп Талдыкоргон шаарында катталган кылмыш коомчулуктун системага нааразылыгын дагы күчөттү.

13-ноябрда Жетису облусунун полиция департаменти 27 жаштагы аялды иш кабинетинде зордуктоого аракет кылган полиция кызматкери кармалганын билдирди.

Алдын ала маалыматта шектүү жөн эле полиция кызматкери эмес, шаардын полиция башкармалыгынын жетекчиси Марат Куштыбаев. Ал билдирүү чыкканга чейин эле зордуктоого шектүү катары өтүп жатканы белгилүү болду.

2019-жылы коррупцияга айыпталып, камакка алынган Бишимбаевдин боштондукка чыгышындай эле Куштыбаевдин кармалышы да көп суроо жаратты.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусунда. (архивдик сүрөт)
Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусунда. (архивдик сүрөт)

Полициянын жетекчиси мурда кол астындагыларды орой сөгүп жаткан аудио интернетке тарап кеткенден кийин сөгүш алган.

Дал ошол кол астындагыларга аялдарга каршы зомбулук менен күрөшүү милдети тагылган.

2020-жылы Токаевдин президент болгон алгачкы жылында укук коргоо уюмдары үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерди коргоо боюнча мыйзам долбооруна оң баасын беришкен. Бирок мыйзам парламентте биринчи окуудан кийин эле бөгөттөлгөн.

Андан бери мыйзам чыгаруу жаатын жакшыртуу фрагменттик мүнөздө гана болуп келет.

Эки ай мурда эле "Аманат" бийликчил партиясынан депутат "зомбулукка кабылган аялдарды кошо административдик жазага тартууну" сунуштаган. Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмунун пикиринде, мындай сунуш "виктимблеймингдин (курмандыкты күнөөлөө) коомдо тамыры тереңдеп кеткенин көрсөтөт".

Анткен менен бийликтер гендердик зомбулук тууралуу сүйлөшүүнү жанданткысы келбейт, ага карабай эркин жана таанымал адамдар бул тууралуу пикирин ачык билдирип келет.

Өткөн жылы эл аралык Берлин кинофестивалында казакстандык "Бакыт" тасмасы көрүүчүлөрдүн купулуна толгону үчүн сыйлык алган. Тасманын өзөгүн - үй-бүлөлүк зомбулук түзөт. Анын сценарийин журналист жана активист Асем Жапишева жазып, Аскар Узабаев режиссерлук, Баян Алагузова продюсерлик кылган.

Кайсы бир деңгээлде Алагузовага мурдагы күйөөсү Бахытбек Есентаевдин 2016-жылы кол салганы Казакстандагы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу табуну алып салгандай болду.

Есентаев кол көтөргөнү үчүн абакка камалып, өткөн жылы Алагузованын макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2020-жылы COVID-19 пандемиясында дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдөй эле Казакстанда да үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өскөн. Ага чейин 50 миңдей даттануу түшүп келсе, пандемия учурунда кайрылуунун саны 180 миңге чыккан. Көрсөткүч андан бери 100 миңден ылдый түшпөй келет.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Маншук Асаутай алып барган "Зере" подкастына ушул жылы маек курган Жапишеванын айтымында, көрсөткүчтүн өскөнү аялдардын зомбулукту жашырган стигманы жеңүүгө аракет кылганынан кабар берет.

Асем Жапишева "Бакыт" тасмасынын сценарийин "коомдогу реалдуулукту чагылдыруу үчүн жазганын" айткан.

"Казактар дайыма бир нерсени жашырат. Биз "эл эмне дейт?" деп уялабыз. Бактылуу, оокат-аштуу көрүнгүбүз келет. Бул эки жүздүүлүктү көргөзүү үчүн "Бакыт" деген аталышты тандадык. Анткени казактар үчүн аны башкалардын бактылуу деп эсептегени маанилүү. Үйүбүздө бакыт болсо да, болбосо да ошондой. Эгер адамдар сени бактылуу деп ойлосо, бул бакыттын жок экенинен кабар берет", - деген Жапишева.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАГДАЙ
Казакстандын жакын коңшусу Кыргызстанда да соңку жылдары аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой келет.
Ушул жылдын 20-сентябрында эле Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган.
17-ноябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөдү.
“Мурда баланы урушуп, керек болсо токмоктоп да коёт элек. Балдарыбыз да муну туура түшүнчү. Азыр болсо баласын жаман көргөндөр кордоп, зордук көрсөтүп жатат. Аялдарын мурда бир аз какыс-кукус кылып коюшса, азыр өлтүргөнгө чейин барып кескилип салууда. Бул коомдогу терс көрүнүштөрдүн бири. Мындай иштерди жер-жерлерде болтурбай алдын алып калса болот эле”, - деди Ташиев.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 512 факт катталган. 7 419 аялга милиция “коргонуу ордерин” берген. Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG