Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

"Сөөктү араң алып келдик". Айперинин Алматыдагы табышмактуу өлүмү


Өткөн аптада Алматыда кыргызстандык келин балдарынын көзүнчө өз жанын кыйганы кабарланды. 29 жаштагы Айперинин жакындары бул каргашалуу окуя үчүн маркумдун күйөөсүн айыпташууда.

Бир катар казакстандык маалымат каражаттары коңшуларына шилтеме берип, маркумдун үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип келгенин жазып чыгышты.

"Айпери жанын кыймак эмес"

Кичинекей эки кызын жетелеп, кичүүсүн бешик арабага сүйрөп, Алматынын борбордук паркында май токоч жана башка азыктарды сатып жүргөн Айперини казакстандык белгилүү блогер Гарипов бир жарым ай мурда тарткан видеодон көрүүгө болот.



"Мен паркка балдарымды ойноткону алып чыкканда пирожки, сосиска сатам. Ансыз деле бул жерде убакыт өткөрөм да. Бош отурганча иштеп, акча тапканым жакшы. Бул адал эмгек, эч кандай жаман иш кылган жерим жок. Мен өзүм тигүүчүмүн, модельермин. Үйдө насыяга алган тигүүчү машинам бар, ага кардарлардан буйрутма алып тигем".

Мындан эки жума мурда эле блогер маркум келиндин балдарына жалаяк жана башка тамак-аш алып, жашаган үйүнө барганын да жарыялаган.


Блогердин Тик Токко жана Инстаграмга жарыялаган кыска тасмаларынан Айпери ага кардарлары көбөйгөнүн, түрдүү көйнөктөргө буйрутмалар түшө баштаганын айтып, тигүүчү машинасын көрсөтүп, сыймыктанганын көрүүгө болот.

"Мына бул илинип турган көйнөктөр буйрутмага тигилди, кыз узатууга кийилүүчү көйнөк. Бул болсо баш кийими", - деп ийгиликтерине кубанган.

Чиедей үч кызы бар жаш келиндин мындан көп өтпөй, өз өмүрүнө кол салышы жакындары, аны социалдык медиадан таанып-билгендер үчүн табышмак бойдон калууда.

Айперинин баракчасына, ал тууралуу блогер Гариповдун мурда тарткан тасмаларына келиндин өз жанын кыйганына ишене албай турганын билдирген комментарийлер жайнады.

Келиндин балдарынын көзүнчө жанын кыйганы тууралуу маалыматты биринчилерден болуп ага кошуна жашаган казакстандык активист Жибек Аменова Фейсбук баракчасына жарыялаган. Ал келиндин өз жанын кыйганына ишенбегенин айтууда.

"Айпери чын эле суицидге бардыбы? Биз - туугандары, достору жана кошуналары - буга ишенген жокпуз. Бул жерде өтө көп суроолор бар. Биз иштин адилет жана тыкыр иликтенишин талап кылабыз. Айперинин сөөгүн туугандарынын колуна күрөшүп жатып араң алып бердик. Эки сутка уктаган жокпуз. Бечара келиндин туугандары да кыйла басмырлоого туш болушту. Аларга күйөө баласынын туугандары сөөктү бир шарт менен - кылмыш ишин козгоодон баш тартып, Айперинин күйөөсүнө жана кайын журтуна эч кандай дооматы жоктугу тууралуу ишеним катты нотариус аркылуу беришкенден кийин гана өткөрүп беришти. Байкуштар эптеп кызынын сөөгүн алып кетүү үчүн баарына макул болуп, кол коюп беришти. Чек арадан чыкканга чейин Айперинин документтерин беришкен жок. Биз - кошуналары - Айперинин сөөгүн чек арага чейин узатып барып келдик. Айперинин кайын журту эмнеден коркуп жатат? Алар эмнени жашырышууда? Биз ушунун баарын аныктап чыгабыз. Бул же кылмыш же өзүн өлтүрүүгө жеткирүү...", - деп жазды активист Аменова.


Алматы полициясы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча "Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

29 жаштагы Айперинин сөөгү 13-июль күнү өзүнүн туулган жери - Кыргызстандын Кара-Кулжа районунда жерге берилди.

"Денесинде соо жери жок экен"

Айперинин эжеси Асема сиңдисинин сөөгүн ата-энеси араң алышканын "Азаттыкка" ырастады.

"Сөөктү зорго беришиптир. Алып келгени барган авам "бөтөн эл, бөтөн жерде сөөктүн деле кадыры жок турбайбы, эч кимге сөзүң өтпөйт экен" деп аябай кейиди. Булар баргандан кийин да сөөктү ала албай, эки күн туруп калышты. Кайын журту булар барганча эле "асынып алды" деп документтерин даярдап коюшкан экен".

Жакындарынын айтуусунда, диний жааттагы жогорку билимдүү Айпери Бишкектеги медреселердин биринде өзүнөн 15 жаш улуу казак жараны менен таанышып, ага турмушка чыккан.

Айперинин эжесинин айтымында, маркум келин күйөөсүнүн зөөкүрлүгүнө жана кайын журтунун катаал мамилесине көп эле жолу даттанган.

"Сабаганын айтчу. Быйыл кайненеси менен күйөөсү улуу эки кызын алып калып, кичүү кызы менен көчөгө чыгарып койгон экен. Кордайга чейин эптеп келип, ал жактан биздин туугандар Бишкекке алып кетишиптир. Бишкекте бир айдай жүрүп, аргасы жоктугунан кыздары үчүн кайра Казакстанга кеткен".

Айперинин өз жанын кыйганына ишене албаган коңшулары да социалдык тармактарда ал күйөөсүнүн токмогун көп жеп жүргөнүн жазышууда. Эжеси Асеманын айтуусунда, маркумдун сөөгүн жерге берерде жууганы кирген туугандары да келиндин денеси көгала болуп, соо жери калбаганын көрүшкөн.

"Сөөк жууганы кирген эжелерим, бир тууган сиңдиси да айтып атышат. Денесинин соо жери калбаптыр, бүт көгала так деп, сүрөткө да тартып алышыптыр. Эжем "бечара кыз жаны чыкпай аябай кыйналыптыр, катуу кыйнаган экен байкушту" деп жатат. Айпери үч кызы турганда өз жанын өзү кыйганга бара турчу жан эмес эле. Кыздарын деле өзү жалгыз эле багып жүргөнүн Инстаграмдагы видеолордо деле көрүнүп турбайбы".

Айперинин жакындары ушул тапта анын өлүмүнө кандай себеп болгону тыкыр иликтенип, эгер күйөөсүнүн тиешеси болсо, адилеттүү жаза алышын күтүп турушат.

Алматы полициясы Айперинин өлүмү боюнча кылмыш ишинин козголушу, иликтөөнүн жүрүшү тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу казак жаранына турмушка чыккан Айпери бир нече жыл мурун казак жарандыгын алганын белгилеп, кылмыш ишинин иликтенишине кийлигише албай турганын билдирүүдө.

Башкы консул Назарали Арипов консулдуктун юристтери маркумдун сөөгүн туугандарына алып берүүгө жардамдашканын "Азаттыкка" билдирди.

Айперинин үч кызы тең атасынын колунда калган.

Human Rights Watch уюмунун март айындагы докладында Казакстанда 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 93 аял, быйыл январь, февраль айында 18 аял каза тапканы белгиленген. 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 794 кылмыш иши козголгон.

"Кыздарга укугун бала кезинен үйрөтүшүбүз керек"

Укук коргоочу, жарандык активист Бурул Усманалы мындай кайгылуу окуялардын артында кыздардын өз укугун билбегени турат деп эсептейт.

Бурул Усманалы
Бурул Усманалы

"Кыздарыбызда бала кезинен аң-сезимине сиңип калган "эл эмне дейт?" деген жаман түшүнүк бар. Мында ал кыздын токмогун күндө жеп атса да күйөө сөрөйүнө чара көрүүнү сурап, полицияга кайрылбаганы, үч балалуу болгончо ажырашып кетпей, жашап жүргөнү - мына ушунун баарынын артында өз укугун билбегени, ошо бала кезден башына сиңген "ажырашып барсам эл эмне дейт?" деген караңгы түшүнүк тургансыйт. Чет өлкөлүк жаранга турмушка чыгып, ал жактын жарандыгын алган кыздын теги кыргызстандык болсо да, биздин мамлекет юридикалык жактан жардам бере албайт. Бирок кыз көрүп жаткан кордуктарын айтып, балким, эртерээк Кыргызстандын консулдугуна кайрылса, алар кандайдыр бир чара көрүп, аман калышы деле мүмкүн болчу. Кыздарга кичинекей кезинен укугун үйрөтүп чоңойтушубуз керек экенин, кызга мурдагыдай кырк үйдөн тыюу эмес, колдоо керек экенин коом тилекке каршы бүгүн да толук аңдап түшүнө албай турат".

Кыргызстандан чет өлкөлөргө турмушка чыгып, күйөөсү, кайын журтунун курмандыгы же табышмактуу себептер менен өлүмгө дуушар болгон кыргыз кыздар аз эмес. Тилекке каршы, мындай кайгылуу окуялар Орусия, Сауд Арабия, Түркия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдө катталган.

Алсак, 2022-жылы Түркияда кыргызстандык келинди чогуу жашаган түркмөн киши өлтүргөнү аныкталган. Ошол эле жылы январда Стамбулда кыргызстандык аялды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн түркиялык кишиге кылмыш иши козголгон. 2021-жылы октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөн.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын өзүндө жыл сайын Ички иштер министрлигине үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу 10 миңден ашуун арыз түшөт. Акыркы эки жылда 20дан ашуун аял зомбулуктун курмандыгы болгон. Ушу тапта өлкөдө үй-бүлө зомбулугун алдын алуу жана зомбулукка кабылган аялдар үчүн ачылган 15ке жакын кризистик борбор иш алып барууда. Аларга кайрылгандардын саны жыл сайын орто эсеп менен 7 миңге жетет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG