Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Ооганстанда жаш кыздарды күйөөгө берүү күч алды


Нике үйүндө турган ооган кыздары. Кабул.
Нике үйүндө турган ооган кыздары. Кабул.

Ооганстанда талибдер бийликке келген 15 айдын ичинде кыздарды эрте күйөөгө берген учурлар көбөйдү.

Активисттер жана укук коргоочулар бул тенденцияны ата-энелердин кыздарын талибдерге күйөөгө бергенден качып, өздөрү түгөй таап жатат деп түшүндүрүүдө.

Өспүрүм кыздарды күйөөгө берүү менен ата-энени санаасы тынч болуп, ашыкча курсакты тойгузуу милдетинен да кутулгусу келет. Кыздарга мектепке барууга тыюу салынган, алар кысымдан жабыр тартышат, мамлекет болсо гуманитардык каатчылык менен экономикалык кыйроону баштан кечирүүдө.

Өлкө батышындагы Гор провинциясында жашаган 12 жаштагы Хатира (аты өзгөртүлдү-ред.) жетинчи класстын окуучусу. “Азади” радиосуна кыз жарым жыл мурда өзүнөн кыйла улуу адам сөйкө салып кеткенин айтып берген.

“Турмушка чыккым келген эмес. Бирок атам эгер мен баш тартсам, талибдер өздөрүнүн жоочуларына күйөөгө берүүгө мажбурлашарын айтты”, - дейт Хатира.

Хатира мектепте жакшы окучу. Өзүнүн классындагы эң мыкты окуучунун келечек пландары да бар эле. Ал чоңойгондо коомго салым кошуп, өзү туулган кедей провинцияда дарыгер болуп иштегиси келчү.

“Талибан” бийлигинин согушкерине, болгондо да тиш кагып калган кишиге экинчи же үчүнчү аялдыкка берүүнү анын ата-энеси каалаган эмес.

“Талибдердин саясаты биздин кыялдардын быт-чытын чыгарды”, - дейт Хатира кейип.

18 жаштагы Фироза 11-класста окуп жатканда талибдер Гордогу мектепти жаап, анын университетке тапшыруу ниети ишке ашпай калды.

Көп өтпөй аны жакындары мажбурлап күйөөгө беришкен.

“Үлпөт той менин кыялым эмес эле, - дейт ал. – Чоң басымга кабылдым, өзүм каалабаган никеге макул болгондон башка менде тандоо болгон жок”.

Гордогу аялдар укугу үчүн күрөшкөн активист Шукрия Шерзай талибдер бийликке келген 2021-жылдын август айынан бери кызды эркине каршы күйөөгө берген жана жашы жете элек секелектер менен никеге турган көрүнүштөрдүн саны геометриялык прогресс менен өсүп жатканын айтты.

Анын баамында, көптөгөн үй-бүлөлөр кызын “Талибан” тобунун мүчөсүнө күйөөгө берүүдөн коркуп, эрте эле турмушка узатууда. Ата-энелер мындай чечимди жакшы ниетте кабыл алса да, коомдо үй-бүлө деген түшүнүккө доо кетип жатат.

“Кызды эркине каршы же жашы жете электе күйөөгө берүү үй-бүлөдө зордук-зомбулукту күчөттү”, - дейт активист “Азади” радиосуна.

Эл аралык укук коргоо уюмдарынын баамында, мындай тенденция акыркы убакта күчөй баштаган.

“Талибдердин бийлиги тушунда жашы жете элек кыздарды турмушка узатуу жана мажбурлап никеге туруу учурлары көбөйүүдө”, - деп белгиленген Amnesty International уюмунун июль айындагы отчетунда.

Уюмдун изилдөөчүсү Николетт Вальдман эрте жана эркине каршы никенин себептерин – талибдер бийликке келгенден кийинки гуманитардык каатчылыкка менен аялзат үчүн кесиптик келечектин жоктугуна байланыштырат.

Тандоону чектеген талибдер

“Жакындары аялдарды жана кичине кыздарды талибдерге турмушка чыгууга мажбурласа, талибдер аялдар менен кичине кыздарды өздөрүнө аял болууга аргасыз кылып жатат”, - дейт Николетт Вальдман.

Изилдөөчү талибдер бийликти басып алгандан бери ооган кыз-келиндерин тузакка түшүрө турган чектөөлөрдү жана тыюуларды киргизгенин белгилейт.

“Бул саясат Ооганстанда кыз-келиндерди бардык жагынан кодулаган репрессия системасын түптөп жатат”, - дейт Николетт Вальдман.

Amnesty International уюмунун изилдөөчүсү талибдер тарабынан кыз-келиндердин укугу бузулган учурлар көбөйүп жатканын кошумчалады.

“Уюшкан топтун ажыдаар саясаты миллиондогон кыз-келиндердин коопсуз, эркин жана толук кандуу өмүр сүрүүсүнө тоскоол болууда”, - деп билдирди Вальдман.

Ооганстанда былтыр бийликке кайткан экстремисттик “Талибан” тобу 1996-2001-жылдары өлкөнү башкарып турганда аялдардын билим алуусуна, иштешине жана чогулганына тыюу салган. Алар бул саясатын кайрадан киргизүүнү пландап жатканы тууралуу имиштер соңку кезде көп айтылууда.

Талибдердин жогорку лидери, молдо Хайбатулла Ахундзаданын 2021-жылдын декабрындагы аялдар укугу тууралуу жарлыгында кыздардын билими, аялдар эмгеги жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Бирок жарлык аял макул болбосо, зордоп нике кыюуга тыюу салат.

Бирок бул талап сакталбай жатканы көрүнүп эле турат.

Фарах провинциясындагы аялдар укугун коргогон кыймылдын активисти Марзия Нурзай кыздарды эркине каршы нике кыйган жана жашы жете элек өспүрүмдү күйөөгө берген учурлардын көбөйгөнүн талибдердин кыздар окуган мектептерди жабуу чечимине байланыштырды.

“Азади” радиосуна ал кызын 2500 доллар калың үчүн баңги эркекке күйөөгө берген кишини көргөнүн айтып берген. Дагы бир ата 10 жаштагы кызын 4 миң доллар нак акчага саткан.

“Бул кыздарды кандай күн күтүп турганын ойлонгула, -дейт ал. Мектептердин кайра ачыларынан үмүт жок, кыздар өзүнө болгон ишенимди жана алдыга койгон максаттарын жоготуп жатат”.

Ооганстандагы көптөгөн жаш кыздар күйөөгө мажбурлап бергенден кийин жаркын келечек куруу тилегинен кайткан.

Юридикалык факультеттин 22 жаштагы студенти Разия “Азадиге” талибдер бийликке келгенден кийин өзү жана сиңдиси университетте билим албай калганын айтып берген.

Ооганстандын түндүгүндөгү өзү туулуп-өскөн Кундуз провинциясына кайтып келгенден кийин кыздын келечекте сот болуу кыялы кыйраган.

Анын атасы “Талибандын” жоочуларына кыздарын тарттырып жиберүүдөн коркуп, кудалашып туруп күйөөгө кармата берген.

"Мен бактысызмын, — деген турмушка чыкканына эки ай болгон Разия “Азади” радиосуна. — Менде бул салтка бекем коомдо үнсүз азап тарткандан башка арга жок”.

Гор провинциясында жашаган 12 жаштагы Хатира да билимин улантуудан үмүт үзгөн.

Өспүрүм мектепте тырышып окуп, күндө жаңы нерсени үйрөнгөн кезди эстеп, азыр муң-зар менен алышып калганы үчүн арманда.

“Ар бир күнүм кечээгиге караганда мунарык”, - дейт ал капалуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG