Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Газада гуманитардык кризис курч, жугуштуу оорулар күчөдү


Газа тилкесинде урандылардын алдында тамак жасап жаткан аял.
Газа тилкесинде урандылардын алдында тамак жасап жаткан аял.

Израилдин армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын билдирди.

ЦАХАЛ 17-ноябрга караган түнү Газа тилкесинин түштүгүнө дагы сокку урду. Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде гуманитардык жүк жеткирүү маселеси жөнгө коюлбай жаткандыктан, ал жакта ачарчылык башталышы мүмкүн экенин эскертти.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын тургундары израил армиясынын соккусунан талкаланган үйдүн уранды алдынан Абу-Занаддын үй-бүлө мүчөлөрүн издеп жатат.

"Кайдагы гуманитардык тыныгуу? Газанын түндүгүнөн качкан аялдар, балдар ушул үйдө болчу. Алар биздин туугандарыбыз эле. Түштүктө коопсуз деп коюшат. Кайдан коопсуз?", - дейт Хан-Юнис шаарынын тургуну Хани Абу Занад.

17-ноябрга караган түнү израил армиясы Хан-Юнис шаарынын чыгыш райондоруна абадан аскердик операция болору жазылган кагаздарды абадан таратып, жергиликтүү тургундарга бул аймактан чыгып кетүү эскертилген.

Хан-Юнис шаарындагы мектептерде, ооруканаларда Газа тилкесинин түндүгүндөгү бомбалоодон качкан жүз миңдеген палестиндер баш калкалоого аргасыз.

Калаада гуманитардык кризис күчөп баратканын эл аралык уюмдар эскертүүдө. Тамак-аш, суу жетишпейт.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму 17-ноябрда билдиргендей, Газа тилкесинде жугуштуу оорулардын жайылып жатканы тынчсыздануу жаратууда.

Уюмдун Газа тилкесиндеги өкүлү Ричард Пеперкорн азыр эле 70 миңден көп адам респиратордук инфекцияга кабылып, 44 миңдей киши диареядан жабыркап жатканын билдирип, жугуштуу илдеттер дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму буга чейин эле Газадагы кырдаалга тынчсызданганын жарыялаган. Израил армиясынын аба чабуулдарынан жана жердеги операциясынан улам анклавда саламаттык сактоо системасынын иши начарлады, таза суу жетишсиз, карапайым тургундар топтолуп, жер төлөдө баш калкалоого аргасыз.

Бириккен Улуттар Уюму бир гана Рафах өткөрмө бекети аркылуу гуманитардык жардам киргизүү жетишсиз болуп жатканын билдирип, Газа тилкесинде ачарчылык башталышы мүмкүн экенин эскертти.

ЦАХАЛ: Газа тилкесиндеги операциянын экинчи баскычына кириштик

Ал арада Израил армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын коргоо министри Йоав Галант билдирди:

"Өткөн суткада биз Газа шаарынын батыш бөлүгүн тазалап, өз карамагыбызга алууну аяктадык. Кийинки баскыч башталды, биз ага кириштик. Армиябыз күчтүү чалгындын колдоосу менен абадагы күчтөрдү координациялоо аркылуу чечкиндүү кадамдарды жасап жатат".

Йоав Галлант аскерлери Газадагы эң ири Аш-Шифа ооруканасын тинтүүдө "маанилүү табылгаларды" аныктаганын белгилеп, бирок кеп эмне жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.

Буга чейин израилдик аскерлер аталган оорукананын имараттарынын биринде табылган курал-жаракты көргөзгөн.

Бирок комплексте АКШ менен Евробиримдикте "террордук" деп таанылган ХАМАС радикал тобунун командалык борбору жайгашканы тууралуу далил бериле элек. Жоочулар жана оорукананын кызматкерлери ал жерде командалык пункт жок экенин айтып келет.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху америкалык CBS телеканалына курган маегинде Израил Газа тилкесиндеги карапайым тургундардын арасында жоготууларды азайтуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтты.

Израил армиясы ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 240тай кишини барымтага алган. Кандуу чабуулдарда 1200дөй киши өлгөнү маалымдалган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган.

ХАМАС (АКШ жана Европада террордук деп таанылган) башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500ү балдар. Бул маалыматты көз карандысыз булактан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG