Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Бишкекте көчөдөн табылган ымыркайдын абалы туруктуу деп бааланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 19-ноябрда түндө Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда көчөдөн табылган ымыркайдын абалы туруктуу деп кабарлады. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, ымыркайды милиционерлер Бишкектеги №2 төрөт үйүнө алып барышкан, балага жандандыруучу медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

19-ноябрь күнү саат 22:45 ченде Арча-Бешик жаңы конушунда желим баштыкка оролгон ымыркай -уул бала кагаз кутудан табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери баланы №2 төрөт үйүнө жеткиришкен.

Кийинчерээк милиция баланы төрөп таштоого шек санап, 20 жаштагы С. Ж. аттуу аял кармалганын билдирген.

Буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен шек саналып жатат. 14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Кыргызстанда балдарын төрөп, бирок багууну каалабаган энелерге балдарын өткөрүп берүү үчүн атайын жайларды ачуу маселеси көтөрүлгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG