Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:20

Депутат Сурабалдиева ымыркайларды калтыруучу жай ачууну сунуштады


Эльвира Сурабалдиева
Эльвира Сурабалдиева

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгын билдирди. Депутат бул маселени 20-ноябрда парламенттин Бюджет, экономика жана фискалдык комитеттин жыйынында көтөрүп, Министрлер кабинетинен атайын каражат бөлүүнү сунуштады. Сурабалдиева "адамдын өмүрү канча турат?" деген суроону эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине узатып, наристелердин ташталып жатканы үчүн жалаң аялдарды айыптагандарды сынга алды.

"Эмне үчүн өкмөт төрөт үйлөрүнө ымыркайды калтырып кетүүчү жайларды ачкысы келбейт? Жок дегенде бир райондо бирөө болсун. Кыйын абалда калган кызды "кандай болгон учурда да балаңды сыртка таштаба, таштандыга ыргытпа" деп үйрөтүп, ушундай бир саясатка өтсөкпү? Биздин эркектерди билесиз, партриархалдык доордобуз. Баласын таштап кеткен кызды милиция "же камаласың, же балаңды алып кетип бак" деп коркутуп атат. Ал балага же өзүнө кол салса кандай болот? Сизге аял катары кайрылам, ушул маселени көтөрүңүзчү. Каржылоосун карап туруп, тактап, санап туруп алып келиңизчи, бул жактан бөлүп берели. Ансыз деле башка толтура нерселерге акча бөлүп берип жатабыз", - деди Элвира Сурабалдиева.

Ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу маселесин депутат буга чейин парламенттин жалпы отурумунда көтөргөн. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бул көп каражатты талап кыларын билдирген.

Ноябрь айынын башынан бери Кыргызстанда жаңы туулган бөбөктөр ташталган үч окуя катталды.
8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийинчерээк Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

19-ноябрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде көчөдөн жаңы туулган наристе табылган. Милиция кызматкерлери баланы төрөт үйүнө жеткиришкен. Ал жерден балага жандандыруучу жардам берилип, абалы турукташканы кабарланды. Бул ишке шек саналып 20 жаштагы келин кармалган.

18-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасында таштанды таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн бөбөк табылган. Денеси муздап, үшүп калган бала ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер баланын абалы орто оор деп билдиришти.

Ымыркайдын энеси 18 жаштагы кыз экени аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG