Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:02

Чехия орус дипломаттарынын Шенген мейкиндигинде ээн-эркин жүрүшүнө тыюу салууну сунуш кылды

Орусиянын Чехиядагы элчилигинин кызматкерлери Москвага кайтууда. Прага, 31-май 2021-жыл.
Орусиянын Чехиядагы элчилигинин кызматкерлери Москвага кайтууда. Прага, 31-май 2021-жыл.

Financial Times гезити Чехия орусиялык дипломаттардын Шенген мейкиндигинде ээн-эркин жүрүшүнө тыюу салууну Еврошаркет менен талкуулап жатканын жазды. Маалыматка караганда, Прага орус дипломаттарына алар иштеген өлкөнүн гана визасын жана убактылуу жашоо уруксатын берүүнү сунуш кылды. Андан тышкары Евробиримдик дипломаттардан биометрикалык паспортторду гана талап кылышы керек деп эсептейт, эмне дегенде аларды мыйзамсыз жасоо кыйыныраак.

Шаркеттин расмий өкүлүнүн бири айтып бергендей, чех бийлиги өз демилгесин анын аймагына “Орусиянын аскердик чалгын башкармалыгынын жана башка атайын кызматтардын агенттери келип жатканы” менен түшүндүрдү.

Сунуш Москвага каршы санкциялардын 12-пакетинин алкагында каралууда. Гезит талкуу жаңы эле башталганын жазып, ал кирбей да калышы мүмкүн деп болжолдойт.

Орусия Украинага басып киргенден бери орусиялык жүздөгөн дипломат бир катар өлкөлөрдөн чыгарылган. Москва буга ошондой эле жооп кайтарууда.

2021-жылы Чехия орусиялык 18 кишини чыгарып салган. Алар дипломатиялык макамга жамынып, орус атайын кызматтарына иштеген деп шек саналган. Орусия мындан кийин чехиялык 20 дипломатты кетирген.

XS
SM
MD
LG