Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Кыргызстанга алты жылда чет өлкөлөрдөн 550дөн ашуун адам экстрадицияланды


Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2016-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта чет мамлекеттердин жаза өтөөчү жайларында мөөнөтүн өтөп жаткан 550дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул маалыматты бүгүн, 22-ноябрда баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын сөзүнө караганда, экстрадицияланган жарандардын басымдуу бөлүгү Орусияда айыпталып, соттолгон. Ошол эле учурда кылмыш кылууга айыпталып, алыскы чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктар да бар.

Кыргызстан соттолгон жарандарын кайтарып алуу үчүн Иран, Түштүк Корея, Түркия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттары менен мамлекеттер аралык келишим-макулдашууларга кол кол койгон.

Коңкубаева ошол эле учурда соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөшү үчүн өткөрүп берүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Европа мамлекеттери менен эч кандай келишимдик-укуктук база жоктугун белгиледи.

"Бул өз кезегинде соттолгон жарандарыбыздын же алардын туугандарынын мекенине экстрадициялоо өтүнүчүн канааттандырууда, соттолгондорду Кыргызстанга кайтарууда Башкы прокуратуранын ишине тоскоолдук жаратат".

Баш прокурордун орун басары мунун негизинде Европа өлкөлөрү менен соттолгон жарандарын кайтаруу боюнча кызматташууга аракеттенип, 1998-жылы Парижде кол коюлган "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү" тууралуу конвенцияга Кыргызстандын кошулуу мүмкүнчүлүгүн иликтегенин маалымдады.

Башкы прокуратура бул багытта "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү" тууралуу конвенцияга кошулуу" жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна койгон. Парламенттин тийиштүү комитеттери бул мыйзам долбоорун карап, бүгүн, 22-ноябрда жалпы отурумдун кароосунда мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды.

Башкы прокуратуранын быйыл апрелдеги маалыматына ылайык, Орусиянын абактарында 1077 кыргыз жараны жаза өтөөдө. Алардын көбү баңгизат колдонууга жана таратууга айыпталган. Башка мамлекеттердин абактарында кармалып турган кыргызстандыктар тууралуу так маалымат жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG