Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 4 484 адамга жетти


Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.
Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.

Республикалык иммуннопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 24-ноябрда жыл башынан бери кызамык оорусун жуктургандардын саны 4 484 адамга жетти. Бир жума мурда ооруга чалдыккандардын саны 4098 адам болчу.

Кызамык жуктургандардын басымдуу бөлүгү жашы жете элек балдар. Быйыл кызамыктан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес.

Оору негизинен Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облусунда көп катталууда. Маалыматка ылайык, ооруга чалдыккандардын 87% түрдүү себептен улам, кызамыкка каршы эмделбегендер.

"Илдеттин күчөшүнүн алдын алуу үчүн Бишкек, Ош шаарларында, Ош, Чүй облустарында кошумча эмдөөлөр жүрүп жатат. Жалал-Абад облусунда кошумча эмдөө балдар мекемелеринде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кызамык жуккан адам менен байланышта болгон бардык адамдар жаш курагына карабай, 72 сааттын ичинде эмделип жатат", - деп жазылган маалыматта.

Дарыгерлер кызамыктын кесепети жаман болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.

Кызамыкка каршы пландуу эмдөөлөр адатта бала 1 жашка толгондо жана 6 жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып, жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жасалууда.

Ушул тапта Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Оорунун жайылышын таптакыр токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% камтылышы зарыл, бүгүнкү күндө көрсөткүч 77% түзүүдө.

2017-жылдын декабрынан тартып кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG