Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:23

Бишкектин Свердлов районунун акими алмашты


Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов (солдо) жана мэр Айбек Жунушалиев. Бишкек. 24-ноябрь, 2023-жыл
Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов (солдо) жана мэр Айбек Жунушалиев. Бишкек. 24-ноябрь, 2023-жыл

Борбор калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин буйругуна ылайык, Свердлов районунун акими болуп Алтынбек Кутманов дайындалды. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда таратты.

Ага ылайык, райондун акими президент Садыр Жапаровдун "Президенттик администрациядагы саясий кызматтагы мамлекеттик кызматкерлердин ротациялоо" тууралуу буйругунун негизинде алмаштырылды.

Алтынбек Кутманов буга чейин президенттик администрацияда иштеген.

Райондун мурдагы акими Максатбек Саргазаков - Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG