Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Өкмөт аялды коргоо саясатын өзгөртүп, кылмышкерди билерик тагып көзөмөлдөгөнү жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өкмөт аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого багытталган мамлекеттик программаларын кайра карап чыгып, кылмышкерлерди колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөөнү пландап жатат. Бул тууралуу аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга арналган, “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” дүйнөлүк жараянына символикалык старт берген жыйында айтылды. 24-ноябрда өткөн иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

“Ал укук тартибин коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик тутумдарынын жана социалдык кызматтардын жетекчилерине бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле бул багыттагы учурдагы мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды кайра карап чыгуу, аялдарды коргоо жана колдоо боюнча жаңы чараларды киргизүү жана актуалдаштыруу боюнча тапшырмаларды берди”, - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн бир багыты катары кылмышкерге атайын билерик тагып коюу тууралуу мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы да аталды. Мындай электрондук билерик зомбулук көрсөткөн кишиге тагылып коюлат, ал каерде жүргөнү, аялга кайра барып, тынчын алган жокпу, көрүнүп турат.

Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, эгер сунуш колдоо тапса, шектүүнүн кайсы жерде жүргөнүн, баскан-турганын улам көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилет.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын 27-сентябрда Жогорку Кеңеште аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирген. Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Жакында Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG