Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

ЦАХАЛдын чабуулунан сегиз палестиналык набыт болгону кабарланды


Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөт аскерлери.
Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөт аскерлери.

Газанын саламаттык сактоо башкармалыгы Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги соңку бир сутка ичинде Израилдин армиясынын кол салуусунан кеминде сегиз палестиндик набыт болду.

Израил армиясы Женин качкындар лагериндеги атышууда беш согушкер жок кылынганын маалымдады.

Батыш жээктеги чыңалуу ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюму Израилге 7-октябрда кол салгандан бир нече мурда эле башталган. Ал жакта Израил күчтөрүнүн чабуулунан ондогон палестиндер набыт болуп, жүздөгөнү камалган.

Ушул тапта Газа тилкесинде ХАМАС радикал уюму менен Израилдин ортосунда макулдашылган ок атышууну төрт күнгө токтотуу режими күчүндө. Анын алкагында ХАМАС куралдуу тобу 7-октябрда барымтага алган 240 туткундун 50сүн бошотот. Израил өз түрмөлөрүндөгү 150дөй палестин аялдарды жана балдарды кое берет.

25-ноябрда ХАМАС 17 туткунду, Израил 39 палестинди бошоткон. Ал эми макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрда согушкерлер 25 туткунду, Израил 39 палестинди Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берди. Айырбаштоо жараянына аталган эл аралык уюм көмөктөшүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын эскалациясына ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине чыгарып кеткен.

Буга жооп кылып, жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 15 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG