Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Министрлик шектүүлөргө тагыла турган электрондук билериктерди сыноодон өткөрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлиги Кыргызстанда кылмышка шек саналган адамдарды көзөмөлдөө үчүн колдонула турган электрондук билериктерди сыноодон өткөрүп жатат.

Мекеменин маалыматы боюнча, кылмыш процессине электрондук билериктерди киргизүү жөнүндө Министрлер кабинети сунуш кылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдоп, документ кабыл алынса, иш бир топ жеңилдейт.

Бул жабдык колдонула баштаса, анча оор эмес кылмыштарга шек саналгандардын баары тең камакка алынбай эркиндикте көзөмөлдөнөт. Эгерде сот адамды актаса мыйзамсыз кармоонун кесепеттери, убактылуу кармоочу жайлардын түйшүгү да азаят.

Министрлик электрондук билериктер үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө натыйжалуу экенин кошумчалады. Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусун чектейт.

Юстиция министри Аяз Баетов буга чейин ар бир билериктин баасы миң долларга жакын болорун, мамлекет миңдеген шектүүнү абакта бир нече айлап кармоого ансыз да акча коротуп жатканын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG