Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

Депутат Жумабеков туу маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулады.

Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күн карамынын гүлү сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты.

Парламенттин депутаты Дастанбек Жумабеков авторлор келтирген жүйөлөр негизсиз экенин билдирди.

“Физикалык же геометриялык далилдерге таянсак, анда күндүн нуру силер көрсөткөндөй түз, тик тиет деген далил барбы?”, - деген суроо берди.

Дастанбек Жумабеков желекти өзгөртүү Кыргызстандагы ар бир адамга тиешелүү экенин айтып, бул маселе боюнча референдум өткөрүү сунушун берди.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратып, Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы сессиясында депутат Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Көкүлов документти сындап чыгышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG