Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Украинанын Чалгын кызматынын башчысынын аялы ууландырылды


Украинанын Башкы чалгын кызматынын башчысы Кирилл Будановдун аялы Марианна Буданова.
Украинанын Башкы чалгын кызматынын башчысы Кирилл Будановдун аялы Марианна Буданова.

Украинанын Чалгын кызматынын башчысы Кирилл Будановдун аялы ууландырылып, дарыланып жатканын бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Марианна Буданова оор металлдар менен ууландырылганын "Бабель" басылмасы, Украинанын улуттук коомдук телерадиокомпаниясы жана "Украинская правда" агенттиги жазышты.

Маалыматка караганда, Буданованын организминде табылган заттар адатта күнүмдүк турмушта колдонулбайт.

"Украинская правда" жазгандай, Будановадан тышкары Башкы чалгын кызматынын “бир нече кызматкери дагы” ууландырылган. Алар дагы дарыланып жатканы маалым болду. Ошондой эле басылма Марианна Буданованы тамак аркылуу ууландырышканы мүмкүн экенин жазды.

Быйыл августта Крым.Реалии долбооруна курган маегинде Буданов аялы аны менен жумуш кабинетинде чогуу жашай турганын айткан.

Украин маалымат каражаттары Будановдун өзүндө ууландыруунун белгилери болгон-болбогонун жазышкан жок.

Кирилл Будановдун өмүрүнө 2014-жылдан бери ондон ашык жолу кол салуу аракети болгон. Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкан 2022-жылдын февралында Киевдеги Башкы чалгын кызматынын имаратына ракеталык сокку урулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG