Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евро бөлөт


Акылбек Жапаров жана Одиль Рено-Бассо.
Акылбек Жапаров жана Одиль Рено-Бассо.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга 70,43 млн евро бөлөт.

Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-ноябрда Лондондо сөз болуп жаткан банктын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушканда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бере турган акчанын 47,3 млн евросу Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоого (Балбай баатыр айылынан – Каракол шаарына чейин), 14,63 млн евросу Кыргызстанда электр тармагын санариптештирүүгө, 8,5 млн евросу Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо тутумдарын оңдоого жумшалат.

2021-жылы ЕРӨБ Кыргызстан эгемендик алгандан бери грант жана насыя катары бир миллиард доллардан ашык каражат бергенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG