Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жиберди


Ооганстанга жөнөтүлгөн гуманитардык жардам. Ош шаары. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Ооганстанга жөнөтүлгөн гуманитардык жардам. Ош шаары. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам жиберди. 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна өсүмдүк майы, 500 керебет, миң жууркан-төшөк жүктөлгөн автоунаалар 29-ноябрда Ош шаарынан чыгып кетти.

Андан тышкары Эл аралык жарандык коргонуу уюму бөлгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу-тарапа, гигиеналык каражаттар алынды.

7-октябрда Ооганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Ооганстандын Табигый кырсыктар министрлигинин өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, жер титрөөдөн 2 миңден ашуун адам каза болуп, 9240 адам жаракат алды. 1300дөн көп турак жай жабыркаган.

Бул акыркы 20 жылдан берки Ооганстандагы эң кандуу зилзала болуп калды. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG