Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

"Азаттыктын" кабарчысы Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгын алды


Айгерим Акылбекова
Айгерим Акылбекова

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Жаштар форуму өттү. Анын алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу салтанаты болду.

Быйыл аталган сыйлыктын “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма” номинациясында мыкты деп “Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекова тандалды.

Сыйлык кыргыз өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген. Анын негизги мүдөөсү демократиялык өзгөрүүлөр, салттуу рухий-адептик жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо, жаш муундардын гуманизм жана рухий-дене тарбия принциптерин бекемдөө максатында республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчил жана изденүү маанайында жаштарды тарбиялоого багытталган чыгармаларды жаратууга тартуу болуп эсептелет.

Айгерим Акылбекова бул сыйлыкка "Азаттыктын" “Данисте” программасы үчүн татыды. Алгач тележурнал форматында эфирге чыга баштаган “Данистенин” форматы акыркы 2,5 жылдан бери өзгөрүп, ушул тапта даректүү жана репортаж форматында (симбиоз) даярдалууда. Бир жыл ичинде “Данисте” YouTube платформасында 10 миллионго жакын көрүүчүнү топтойт. Бул телеберүүнүн тематикасы үч багытка бөлүнгөн: элеттеги эл, чет жердеги журтташтар, Кыргызстанда жашаган улуттар жана адам укуктары темалары.

“Данисте” дагы бир миссия катары Кыргызстанда жашаган ар кандай улуттардын өкүлдөрүнүн ынтымагы, алакасын чагылдырып келет. Маселен, Оштогу өзбек тектүү Он-Адырдын турмушу, Баткендин Үч-Коргон айылындагы тажик тектүү эл, таластык немистер, Ысык-Көлгө отурукташып калган казактар, Чүйдүн тегерек четиндеги этникалык кыргыздар, Памирден Алайга көчүп келген кыргыздар. Мындай тематикадагы берүүлөр көп көрүлөт жана элдин жылуу пикирин топтойт.

Акылбекова "Данисте" менен катар аялдардын укугун коргоого арналган “Эже-сиңдилер” көрсөтүүлөрүнүн да алып баруучусу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG