Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Ташиев 1-декабрга чейин интимдик кызмат көрсөткөн жайлар жабыларын айтты


Иллюстрациялык сүрөт. Жаңылыкка тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Жаңылыкка тиешеси жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн оюн-зоок жайларды, мончо жана сойкуканаларды уюштургандарга бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин көзөмөлдөө зарыл экенин айтты.

Бул тууралуу ал 30-ноябрда Балыкчы шаарында атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында айтканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча мындай мекемелердин ишин токтотуу тапшырмасы берилди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат келип түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан четтетилери эскертилди”, - деп айтылат маалыматта.

Ноябрь айында атайын кызмат Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн бир катар жайларды аныктап, алардын уюштуруучуларын кармады. Сойкуканаларда иштейт делген ондогон кыздардын бетин ачык көрсөтүп, айрымдарын паспорту, ата-энесинин аты-жөнү жана телефон номуру менен кошо сүрөткө тартып жарыялаган.

УКМК адатта кылмышка шек саналып кармалгандардын сүрөтүн жарыялаганда көзүн жаап коёт. Бул жолу кайсы бир соттун чечими менен кылмышкер деп расмий түрдө таанылбаган, күнөөсү далилдене элек кыздарды ачык жарыялап, жеке маалыматын да жайылтканы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Атайын кызмат муну “алдын алуу иштери” деп түшүндүрдү.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева тийиштүү мамлекеттик органдарды “сойкуканадан кармалды” делген кыздардын жана аялдардын укугу корголушун камсыздоого чакырды.

Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөтүүнү кылмыш деп атоого негиз болуучу мыйзам же ченемдик акт жок. Андай иш менен алектенгендер жазаланбайт, кармалган учурда “бейбаштык” же “коомдук тартипти бузуу” сыяктуу беренелер менен айып пул салынат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG