Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Салык кызматы "Дордой", "Кара-Суу" базарлары боюнча түшүндүрмө берди


Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов.

Кыргызстанда соода менен алектенгендердин мамлекетке салык төлөөсү боюнча киргизилип жаткан жаңы эрежелер тууралуу маалымат берилди. Бул маселе 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлүп, Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов “Дордой” жана "Кара-Суу" базарлары жаңы “өзгөчө режимге” өткөрүлүп жатканын, ичинен бири-бирине сатса ККМ, ЭТТН жана ЭСФ колдонулбай турганын, ал эми, мисалы, “Дордойдон” сатып алып, Бишкектеги соода борборлорунан сата турган болсо, ал “өзгөчө режимден” тышкары деп эсептелерин жана эсеп-фактураны жаздыртып кетиши керек болорун айтты.

Ал эми эгер товар Кыргызстандан тышкары, экспортко кетсе, бул документтерди колдонуу талап кылынбайт.

““Өзгөчө режим” деп кирип жатат. Кыргызстанда товар келип, таратылуучу эң чоң базарлар “Дордой” жана "Кара-Суу". Салык кодексине өзгөртүү киргизип жатканда ошол тараптан ишкерлерди чакырып, режимдерди чогуу иштеп чыкканбыз. Алар патентке окшош эле системаны калтырып берүүнү суранышкан. Патентте 8 миллион сомго чейин деген чектөө бар, а “Дордойдо” соода жүгүртүүсү 20 миллионго жеткен ишкерлер бар. Ошолордун товар жүгүртүүсүн мыйзамдаштыруу максатында аларга ставкаларды бекитип бергенбиз. Кыргызстандын ичинде эле башка субъектке сатылса, электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) колдонулушу керек. Дүкөндөр боюнча сүйлөшкөндө аларга ЭСФ алгыла дегенбиз. Алар товарды базардан аларын айтып, ошолорду камсыз кылып берүүбүздү суранышкан. Биз базарга барып, дүкөндөргө товар сатып жатканда эсеп-фактура жазып бериши керектигин айтсак алар патент менен иштегендиктен көлөмү 8 миллиондон ашып кетип жатканын айтышты. Ошондуктан аларга ставкаларын өзгөртүп, чектөөнү алып, мыйзамдаштырып бердик. Эми бир гана талап – алар бирин бири каттап, көрсөтүп турушу зарыл”, - деди Кыдыргычов.

Кыдыргычовдун айтымында, “өзгөчө режим” патенттин бир түрү. Бирок, патентте түшкөн акча боюнча чектөө бар болчу, эми ошол чектөө алынып, “өзгөчө режим” деген кирүүдө – 4 миллион, 8 миллион, 15 миллион сом жана андан жогору түшкөн акча деп ставка бекитилип берилип жатат.

Кечээтен бери Кыргызстандын ири базарларында соодагерлердин өкмөттүн салык боюнча жаңы эрежелерине каршы акциялары өтүүдө. 29-ноябрда Ошто "Кара-Суу" базарында митинг өтүп, Салык кызматынын бул базар “өзгөчө режимдеги” шартта иштей турганы жөнүндө түшүндүрмөсүнөн кийин тарап кетишкен.

Бүгүн Бишкектеги “Дордой”, “Орто-Сай” жана "Мадина" базарларында нааразылык акциялары өтүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG