Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Иерусалимдеги ок атууда үч киши каза тапты


Иерусалимдеги аялдамада болгон атышуудан мүрт кеткендердин сөөктөрүн куткаруучулар алып кетип баратышат. 30-ноябрь, 2023-жыл.
Иерусалимдеги аялдамада болгон атышуудан мүрт кеткендердин сөөктөрүн куткаруучулар алып кетип баратышат. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Иерусалимдеги автобус аялдамасында белгисиз эки адамдын туш келди аткылоосунан үч киши - бир аял жана эки улгайган эркек набыт болду. Жети киши жабыркады, алардын төртөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Израилдин Куткаруу кызматы билдирди. 30-ноябрдын таңында болгон окуяны полиция теракт катары мүнөздөдү.

Азырынча аткылоо үчүн жоопкерчиликти бир дагы топ өз мойнуна ала элек. Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир кол салгандар ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун мүчөлөрү деп ишендирүүдө.

Ал арада Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу бир күнгө узартылганын билдирди. ХАМАС радикал тобу бейшембиде барымтадан бошотула турган он адамдын тизмесин расмий Тель-Авивге берди.

24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо келишими күчүнө кирген. Убактылуу тынчтык режими алгач төрт күнгө макулдашылып, кийин дагы эки күнгө узартылган.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.

Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" дүйнөлүк уюм эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG