Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:23

Акылбек Жапаров соодагерлерди тукуруп аткан күчтөр барын айтты


"Кудайберген" базарынын соодагерлери ККМге каршы иш таштады. Бишкек. 1-декабрь, 2023-жыл.
"Кудайберген" базарынын соодагерлери ККМге каршы иш таштады. Бишкек. 1-декабрь, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2-декабрда соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, соодагерлердин кесиптик кошуундарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик жооптуу органдардын кызматкерлеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү.

Акылбек Жапаров салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк барын, буга соодагерлерде маалыматтын жетишсиздиги негиз берип жатканын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы мына ушундан пайдаланган белгилүү бир күчтөр соодагерлерди тукуруу аракетин көрүп жатат деп билдирди.

"Базар экономикасынын жана капиталды алгачкы топтоо доору өтүп жатат. Мамлекет азыр эл үчүн иштейт, колунда барлардын жана коомду паракорлоштуруп, жазасыз калган “тар топтун” кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Өкмөттүн бардык кирешелери кимдир бирөөнүн жеке чөнтөгүнө эмес, жаңы инфраструктураны курууга жана жарандардын жашоосун жакшыртууга жумшаларын көрүп турган элдин бийликке ишеними күчтүү. Биз жакырчылык менен күрөшөбүз жана бардык адамдарды жакырчылыктан чыгарабыз. Байлар дагы да байып, кедейлер кедей болуп кете берүүсү мүмкүн эмес. Биз үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеген бардык чынчыл адамдарды коргойбуз жана жардам беребиз. Биз алар тараптабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы эки жума ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын иштетүүнү жөнөкөйлөтүү тапшырды. Салык кызматына контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) пайдалануу үчүн алдыңкы банктар менен чогуу иш алып барууну тездетүүнү тапшырды. Тиешелүү органдарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирди.

Акыркы жумада Бишкек, Ош, Каракол, Талас шаарларындагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы митингге чыгышты.

Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат.

Базарлардагы митингдерден кийин милиция өкмөткө талабын айткан айрым сатуучуларды кармаганы маалым болду. Кээ бир сатуучулар Улуттук коопсуздук кызматына сурак берип чыгышты.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөнүн басма сөз кызматы 2-декабрда жарыялады.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG