Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

Москва көрсөтүүгө тыюу салган тасма Собчактын ютуб каналына жарыяланды


Александр Сокуров
Александр Сокуров

Орусиялык журналист Ксения Собчактын Ютубдагы каналына режиссер Александар Сокуровдун "Жомок" деп аталган тасмасы жарыяланды. Аталган тасманы Орусиянын экрандарында көрсөтүүгө Маданият министрлиги тыюу салган.

Собчак өзүнүн "Осторожно, медиа" басылмасында Сокуровдун "Жомок" тасмасы талкууланганын телеграм каналында жазды. Талкууга режиссер өзү, Нобел сыйлыгынын лауреаты Дмитрий Муратов, журналист Юрий Сапрыкин, режиссёр Андрей Смирнов, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Тамара Морщакова, Собчактын күйөөсү - режиссёр Константин Богомолов жана башкалар катышкан.

Сценарийге ылайык, "Жомок" тасмасынын баш каармандары - Иосиф Сталин, Адольф Гитлер, Бенито Муссолини жана Уинстон Черчилль тозокто жолугушат. Режиссер киносунда документалдуу тасмалардагы кадрларды, каармандардын чыныгы жашоосундагы сүйлөгөн сөздөрүн пайдаланган. Муратовдун сөзүнө караганда, "Жомок" фильминде миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болсо да, "эч кандай өкүнүчү жок диктаторлордун аң-сезими" көрсөтүлгөн.

Муратов ошондой эле "күчтүү бийлик өзү үчүн өлүүгө буйруп турган кезде өлкөнү сүйүүгө мүмкүнчүлүк бербестигин" айтты.

"Бул Сокуровдун Орусияда көрсөтүүгө тыюу салынган биринчи тасмасы. Маданият министрлиги "мыйзамдагы себептерден улам" дегени менен иш жүзүндө ага эч себепсиз тыюу салынган. Тасманы көрүп, тыюунун себебин түшүнүүгө сизде толук мүмкүнчүлүк бар", – деп жазды Собчак телеграм каналына.

"Жомок" фильминин бет ачары 6-августта Локарнодогу кинофестивалда болгон.

13-октябрда Орусиянын Маданият министрлиги тасманы эл аралык КАРО.Арт фестивалында көрсөтүүгө тыюу салып, бирок себеби айтылган эмес. Кийинки күнү фильмди өлкөдөгү экрандардан көрсөтүүгө тыюу салынганы маалым болду. Режиссёр муну "цензуранын кезектеги баскычы" деп атады.

Александр Сокуров акыркы жылдары Орусиянын бийлигин сындап келген. 2021-жылы декабрда президент Владимир Путин менен жолугушууда Орусияда ансыз да көйгөй көп экенин, анын баарын кумга көөмп салууга мүмкүн эместигин айткан. Сокуров ошондой эле Орусиядан Түндүк Кавказ аймактары бөлүнүшү ыктымалдыгын айтканы Путинге жакпай, президент ага кошулбастыгын билдирген. Кийинчерээк Сокуров бул үчүн кечирим сурап, коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айткан.

Александр Сокуров Орусиянын Адам укуктары кеңешинин мүчөсү.

XS
SM
MD
LG