Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

ККМ маселесин парламентте талкуулоо сунушу колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соода тармагында иштегендердин патент жана ККМ боюнча нааразылыгына байланыштуу маселени парламентте кароо сунушу 4-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды. Депутат Дастан Бекешев азыркы түзүлүп жаткан жагдайда парламент көңүлкош мамиле кылгандай сезилип жатканын айтты жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүн чакырып, талкуулоону сунуштады:

“Экономика министрлиги токтом долбоорун сунуштоодо. Билим берүү, жыгач жана темир уста деген сыяктуу жумуштарды да ККМге өткүлө деп жатышат. Шоро саткандарды да ККМге өткөрүү тууралуу айтылууда. Бирок Салык кодексин окусам, “соода ишмердүүлүгү” дегендин аныктамасында товарды алып кайра сатканда ошол соода ишмердүүлүгү деп эсептелет экен. Ал эми өндүрүүчүлөргө бул тийиштүү эмес экен. Ушуну анализдеп, ызы-чуу салдырбай, чечсе болот эле да”.

Бирок “бардык нерсе маалымат алуудан башталат” деген депутат Надира Нарматова мындай сунушка каршылыгын билдирди жана бул түздөн-түз аткаруу бийлигинин иши экенин белгиледи:

“Өкмөт өзүнүн ишин жасап жаткандан кийин ошонун жыйынтыгы менен биз карасак жакшы болот эле. Бул түздөн-түз аткаруу бийлигинин иши. Ортодон кыпчылып, кайра тескери пикир жаралып калабы деп жатам. Ошондуктан кое туралы”.

Комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү Бекешевдин тийиштүү мекемелерден маалымат алуу сунушун колдоду.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG