Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Филиппиндеги жардыруу үчүн "ИМ" экстремисттик тобу жоопкерчилик алды


Марави шаарындагы диний иш-чарада болгон жардыруунун кесепети. 3-декабрь, 2023-жыл.
Марави шаарындагы диний иш-чарада болгон жардыруунун кесепети. 3-декабрь, 2023-жыл.

Филиппинде католиктердин диний иш-чарасында болгон жардыруу үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал топ жоопкерчилик алды. 3-декабрда болгон окуяда төрт кишинин өмүрү кыйылып, 50дөн ашыгы жараат алган.

Иш-чара өлкө түштүгүндөгү Марави шаарындагы университеттик гимназияда өтүп жаткан. Бул калааны 2017-жылы беш ай радикал жоочулар басып турушкан.

Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос “чет элдик террорчулар ишке ашырган маанисиз жана жийиркеничтүү аракеттерди” айыптады.

Өлкө түштүгүндө жана баш калаа Маниланын тегерек-четинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Америка Кошмо Штаттары “үрөй учурган терактты” айыптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG