Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Быйыл жарым жылда 1163 жаран пробациялык көзөмөлгө алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын биринчи жарым жылында сот 1163 жаранды пробациялык көзөмөлгө алганын Жогорку соттон "Азаттыкка" маалымдашты. Былтыр 2188 адамга, 2021-жылы 2896 жаранга мындай жаза чегерилген.

Маалыматта пробациялык көзөмөлгө алынган жарандардын саны гана ачыкталары, чечим кандай кылмышка колдонулганы боюнча маалымат жоктугу жазылган.

Оор кылмышка айыпталган адамдарга да соттор пробациялык көзөмөл өкүмүн чыгарганы коомчулукта Селекцияда келиндин кулак-мурду кескиленген окуясынан кийин катуу сынга алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламентте пробациялык көзөмөлгө алууга уруксат берген мыйзамды кайрадан карап чыгууга чакырып, былтыр 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык аракеттерге барган (жашы жете электерди зордуктаган) 88 адам пробация менен жазадан кутулуп кеткенин айтып чыккан.

Пробация тууралуу мыйзам Кыргызстанда 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдан тарта иштей баштады. Анда пробация - кайсы бир оор эмес кылмыштарды жасаган, кылмышка аргасыздан барган, жаза мөөнөтү беш жылга чейин чегерилген айыпталуучуларды эркинен ажыратпай туруп, социалдык көмөк алуусуна, жүрүм-турумун оңдоосуна, социалдашуусуна, коомго кайрадан кошулуп, мыйзамсыз иштерге барбоосуна шарт түзүүчү комплекстүү чаралар экени айтылган.

Мыйзам ишке киргенден кийин Юстиция министрлигинин алдында пробациялык көзөмөлдү ишке ашыруучу атайын департамент түзүлгөн. Аталган департамент сот чечими аркылуу пробацияга чыгарылган айыпталуучулар менен иштейт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG