Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Өзбекстанда кылмыш дүйнөсүнүн “Бахти Ташкентский” атыккан өкүлү кармалды


“Бахти Ташкентский” деген лакап аты менен белгилүү 52 жаштагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Бахтияр Кудратиллаев ортодо (көз айнекчен).
“Бахти Ташкентский” деген лакап аты менен белгилүү 52 жаштагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Бахтияр Кудратиллаев ортодо (көз айнекчен).

Өзбекстандын баш калаасында “Бахти Ташкентский” деген лакап аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев кармалды. Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгына таянып Kun.uz сайты 4-декабрда жазды. Ал "маңзатты мыйзамсыз даярдаган, сактаган" жана "ири өлчөмдөгү акча опуза кылган" деп айыпталууда.

2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ал эми Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Ал 31-декабрга чейин уланары кабарланууда. Акциянын алкагында Фергана облусунда ар кандай кылмыштуу топтордун 20дан көп мүчөсү кармалганы маалым болду.

КМШда “Салимбай” жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Салим Абдувалиевди 1-декабрда укук коргоо органдары Ташкенттеги үйүндө кармаганын бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

“Салимбай байбача” катары таанылган Салим Кыргызбаевич Абдувалиев 73 жашта. Борбор Азияда таасирдүү криминалдык төбөл катары жана Өзбекстандагы эң бай адам белгилүү. Буга чейин Орусиядагы шайлоого кийлигишкени тууралуу маалыматтар чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG