Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

ККМге каршы соодагерлер Нарында да акцияга чыгышты


Канболот Тутуев Нарын шаарында ККМге каршы чыккан соодагерлер менен жолугушуп жаткан учур. 5-декабрь, 2023-жыл.
Канболот Тутуев Нарын шаарында ККМге каршы чыккан соодагерлер менен жолугушуп жаткан учур. 5-декабрь, 2023-жыл.

5-декабрда Нарын шаарында Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болгон соодагерлер шаардын борбордук аянтына нааразылык акцияга чыгышты. Мэриянын басма сөз катчысы Нурзада Мукашова “Азаттыкка” билдиргендей, ишкерлер менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарындын мэри Канболот Тутуев жолугушту.

“Мэр Канболот Тутуев бүгүн эртең менен да базарга барып соодагерлерге ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Аларга эч кандай айып салынбай турганын, ККМ санариптештирүү эле экенин айтып жатабыз. Бирок алар “патентти эле калтырыш керек” дешүүдө. Буга чейин да ККМ жана салык маселеси боюнча мэрияда түзүлгөн комиссия базарды аралап соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн”, - деди Мукашова.

5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар да патент системасын калтырууну талап кылышууда.

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс”, Токмок шаарындагы “Булак” базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акция өткөрүшкөн.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов “Азаттыкка” Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилгенин айткан.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

  • Бийлик соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG