Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

"Берекет Гранддын" соодагерлери патентти калтырууну талап кылууда


"Берекет Гранд" соода боборунун соодагерлери.
"Берекет Гранд" соода боборунун соодагерлери.

5-декабрда Бишкектеги Ош базарынын аймагындагы "Берекет Гранд" борборунун соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, акцияга чыгышты. Алар патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Ушул эле күнү Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты.

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс”, Токмок шаарындагы “Булак” базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акция өткөрүшкөн.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов “Азаттыкка” Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилгенин айткан.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG