Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери "сойкуканаларды калкалаган" деп шек саналууда


Кармалган милиция кызматкерлери. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган милиция кызматкерлери. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) ички коопсуздук бөлүмү менен чогуу облус аймагында "сойкуканаларды аныктаганын" билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы 5-декабрда тараткан маалыматка ылайык, интимдик кызмат көрсөткөн жайды милиция кызматкерлери калкалап келишкени аныкталган.

Маалыматта жазылгандай, Жалал-Абад облусундагы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары (Б.Н.Д.) жана облустук ички иштер башкармалыгынын айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы (Д.А.) "сойкуканаларды колдоо боюнча туруктуу кылмыш схемасын түзүп, ай сайын каражат алып турушкан".

Кармалган милиция кызматкерлери менен алардын адвокаттары окуя боюнча комментарий бере элек.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда 30га жакын ижарага алынган батирде, эки саунада, беш мейманканада интимдик кызмат көрсөтүлүп келгени такталган. УКМК бул ишке укук коргоо органдарынын башка кызматкерлеринин тиешеси бар-жогун иликтеп жатат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн оюн-зоок жайларды, мончо жана сойкуканаларды уюштургандарга бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин көзөмөлдөө тапшырмасын берген. Ал өлкөдө 1-декабрга чейин бардык сойкуканалар жабыларын айткан.

Атайын кызмат 1-декабрда Кочкор районунун экс-акими, ишкер Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулук кылууга тартуу” беренесинин негизинде кармалып, камакка алынганын маалымдаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG