Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Президент Жапаров "базарлардагы акциялардын артында атайын күчтөр турарын" айтты


Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында. 5-декабрь, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында. 5-декабрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акцияларын уюштурууга кызыкдар топтор бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын соодагерлери менен жолугушуу маалында айтты. Садыр Жапаров бул топтордун “революция кылуу ниети бар экенин”, соодагерлер алардын куралы болуп калып жатканын билдирди.

“Силерди курал кылып колдонуп жүргөн, 30 жылдан бери үч жолу революция кылгандар “бүгүн да революция кылсак экен, кайра мурункудай жашоодо жашасак экен” дегендер бар. Бул саналуу гана күчтөр, силер билбейсиңер. Мен силерди чыкканыңар үчүн күнөөлөгөн жокмун. Өзүңөрдүн укугуңарды колдоп чыгышыңар керек, үнүңөр угулбай жатса ушинтип чыгып, кыйкырып жеткиришиңер керек дегендей... Бизде кимдер даярданышкан, эл көп чыкса, ошол жерден пайдаланып кетсек экен дегендер боюнча маалыматтар бар. Саналуу 3-4 топ бар”, - деген Садыр Жапаров ал кайсы күчтөр экени тууралуу так айткан жок.

“Бизди үчүнчү күчтөр пайдалана албайт. Алардын кереги да жок”, - деди чыгып сөз алган соодагерлердин бири.

Буга чейин экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да “Азаттыкка” берген маегинде базардагы соодагерлердин жер-жерлердеги нааразылык акциялары “атайын уюштурулганын” айткан.

Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болгон соодагерлер менен жолугушуп жатат. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов, “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Аскар Салымбеков да катышууда.

Соодагерлер салык боюнча жаңы саясатка каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышууда.

5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты.

Ушул эле күнү Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун соодагерлери, Нарында базарда иштеген ишкерлер да ККМге каршы акция өткөрүштү.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.
  • ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG