Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:12

Статистика: Быйыл зордуктоо жана адам уурдоо фактылары көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук статистикалык комитет Башкы прокуратурага шилтеме кылып, быйылкы тогуз айда Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны 4,3% азайганын билдирди. Жалпысынан 36,5 миң кылмыш иши катталган, мунун ичинен 4 265 иш оор жана өзгөчө оор кылмыш иштери.

"Быйылкы жылдын январь-октябрында жеке адамга каршы жасалган кылмыштардын саны мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,2% көбөйгөн. Мында зордуктоолордун саны - 1,8 эсеге, адам уурдоо - 27,6%, ден соолукка оор зыян келтирүү - 18% жана ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 12%, опузалоо учурлары 2,2 эсеге, алдамчылык 9,7% көбөйгөн", - деп жазылган маалыматта.

Мекеме ошол эле учурда уурулук 11,3% төмөндөгөнүн билдирди.

Жалпы тогуз айда кылмыш жасаган 17,9 миң адам кармалды, бул былтыркы тогуз айдагы көрсөткүчтөн 3,2% көп. Кылмыш жасаганы үчүн кармалгандардын 15% аялдар, 7,4% жашы жете электер. Кылмыш кылгандардын 48,1% эч жерде окубаган же иштебеген адамдар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG