Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

Соодагерлерге 2024-жылдын июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берилди


Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында. 5-декабрь, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында. 5-декабрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин 5-декабрда Бишкектеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуу маалында айтты.

“Келерки жылдын июль айына чейин азыр кандай болсо, ошол шартта иштеп тура беришсин. Мен өкмөттү, салыкчыларды топтоп, силерден делегаттарды кошуп, кеңешебиз. Анан чечим кабыл алабыз. Июль айына чейин патент менен иштеп тургула”, - деди президент.

Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болгон соодагерлер менен жолугушту. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов, “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Аскар Салымбеков да катышты.

Соодагерлер салык боюнча жаңы саясатка каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты.

5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты.

Ушул эле күнү Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун соодагерлери, Нарында базарда иштеген ишкерлер да ККМге каршы акция өткөрүштү.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап келет.

  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.
  • ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG