Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Садыр Жапаров жаңы салык саясатына Салык кызматы да даяр эмес экенин айтты


Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында. 5-декабрь, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында. 5-декабрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын соодагерлери менен жолугушууда жаңы салык саясатын ишке ашырууга Салык кызматы өзү да даяр эмес экенин айтты.

Жолугушуунун башында бир нече ишкер сүйлөп, Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты.

“Эки күндөн бери баарын изилдеп чыктым. Мен азыр кандай иштеп жатышса июль айына чейин тийбегиле, токтотуп тургула дедим. Анткени салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Мен муну кечээ билдим”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов 4-декабрда “Азаттыкка” Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилгенин айткан.

“Дордой” базарынын соодагерлери “патент, патент!” деп кыйкырып жатышат.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов, “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Аскар Салымбеков да катышууда.

5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты.

Ушул эле күнү Ош базарынын аймагындагы “Берекет Гранд” соода борборунун соодагерлери, Нарында базарда иштеген ишкерлер да ККМге каршы акция өткөрүштү.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG