Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Салык кызматы иштен алынды деген 400дөй кызматкер тууралуу түшүндүрмө берди


Мамлекеттик салык кызматынын имараты.
Мамлекеттик салык кызматынын имараты.

Салык кызматы жыл башынан бери ишкерлерге орой мамиле жасаган жана мыйзамсыз аракеттерге барган 445 салыкчыга чара көрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 5-декабрда маалымат берди.

Мунун алдында “Арча медиа” басылмасы Бишкек шаарынын Горький сейил багында соодагерлердин нааразылык акциясы маалында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиевдин быйыл 400 салыкчы иштен алынганын айтканын жазган.

Мекеменин бул боюнча берген түшүндүрмөсүндө 445 кызматкерге жумуштан алуу, башка бөлүмдөргө которуу, кызматтан төмөндөтүү жана башка чаралар көрүлгөнү айтылат.

5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Мындай нааразылыктар соңку бир аптадан бери өлкөнүн жер-жерлериндеги базарларында да болду.

Президент Садыр Жапаров ушул күнү Бишкекке жакын жайгашкан "Дордой" базарындагы соодагерлер менен жолугушту. Ал жаңы салык эрежелерине Салык кызматы өзү даяр эмес экенин белгилеп, соодагерлердин нааразылыгынан улам келерки жылдын июль айына чейин патент системасында иштөөгө уруксат берилгенин кабарлады.

Базарлардагы соодагерлердин акцияларынан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн.

Кыргызстанда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG