Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Парламентте Эдил Байсаловго чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү


 Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү.

“Ынтымак” фракциясынын мүчөсү Аида Исатбек кызы Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактабай депутаттар менен айтышып, Жогорку Кеңештин абройуна шек келтирип жатканын билдирди.

Спикер Нурланбек Шакиев Эдил Байсалов менен болгон акыркы окуя териштирилип, чара көрүлөрүн айтты.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 4-декабрдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Каракол шаарындагы оорукананын дарыгерлери, ординаторлору ага айлыгы аз экенине даттанып кайрылганын билдирген.

Бул маселеге байланыштуу Аида Исатбек кызы менен Эдил Байсалов талашып-тартыша кеткен.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү токтомун кабыл алган.

Демилгенин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттар ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Ал “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан.

Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG