Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Футбол: Азия Кубогуна бара турган футболчулардын тизмеси жарыяланды


Футбол боюнча улуттук курама команданын оюнчулары машыгуу учурунда. Архивдик сүрөт.
Футбол боюнча улуттук курама команданын оюнчулары машыгуу учурунда. Архивдик сүрөт.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Тизмеге отуз эки оюнчу кирген. Көпчүлүгүн жаштар түзөт.

Ал эми чабуулчулар Мирлан Мурзаев, Виктор Майер өңдүү бир катар футболчулар улуттук курама командага кирбей калган. Кыргызстандын футбол уюму муну курамада муун алмашуу болуп жатканы менен байланыштырды.

"Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги жана кураманын машыктыруучулар штабы биргеликте жаңы команда түзүү жана анда ойной элек жаш оюнчуларды чакыруу чечимин кабыл алышкан. Бул чечим узак мөөнөттүү келечекте спорттук ийгиликтерди камсыздай ала турган команданы даярдоо зарылдыгынан улам келип чыккан", - деп жазылат билдирүүдө.

Кеңейтилген тизмеге төрт дарбазачы, Валерий Кичин баштаган 11 коргоочу, 14 жарым коргоочу жана үч чабуулчу кирген. Оюнчулардын катарында ага-ини Мерк Кай менен Мерк Кими, Бекназ Алмазбеков, Кожо Жоэл бар.

Отуз эки оюнчудан турган курама 7-14-декабрь күндөрү Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Андан ары команда даярдыгын Бириккен Араб Эмирликтеринде(БАЭ) жана Катарда улантып, үч жолдоштук беттеш өткөрөт.

Азия Кубогу 12-январда Катарда башталат. Оюндарга бир айдан ашык убакыт калды. Кыргызстан F тайпасында Сауд Арабиясы, Тайланд, Оман курама командалары менен беттешет. "Ак-шумкарлар" 16-январда Тайланд курамасына каршы алгачкы оюнун өткөрөт.

Кыргызстандын курамасы ушуну менен экинчи жолу Азия кубогуна чыгып жатат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жеткен. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң жетишкендик болуп калды. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG