Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Жантаев орун басары Матраимовдор менен байланышы болгону үчүн иштен кеткенин айтты


Элчибек Жантаев
Элчибек Жантаев

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Матраимовдорго байланышы бар деп иштен алынган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди. Ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан саясатты колдой турганын айтты.

"Уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция менен болгон күрөш өлкөнүн ар кайсы жерлеринде жүрүп жатат. Анын ичинде биздин Ош облусунда да жүрүүдө. Мен ачыгын айтайын, буга чейин айрым кызматкерлердин байланыштары тууралуу атайын кызматтардан учкай маалыматтар түшкөн. Бирок облустагы, райондордогу кызматкерлерди иштен алууга бизде укук жок. Ошондуктан тиешелүү министрликтер өздөрү кызматтан түз алган учурлар болду. Менин биринчи орун басарым да арыз жазып кетти. Мен ал киши менен сүйлөшкөндө Матраимовдордун бири менен жеке карым-катышы бар экенин айтты. Ал ошол себептүү өз арызы менен иштен кетти. Бул аракет мындан ары да улантылат жана колдойбуз".

Элчибек Жантаев мамлекеттик желекти алмаштыруу боюнча да пикирин айтып, мамлекеттик тууну алмаштырууга негиз көрбөгөнүн, желектин азыркы көрүнүшү мыкты экенин айтты.

Ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда ондон ашуун мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кеткени белгилүү болгон. Алар: райондук кадастр кызматынын жетекчиси, райондук архитектура кызматынын башчысы, социалдык жактан коргоо мекемесинин башчысы, райондук почтанын жетекчиси, Кара-Суу шаардык мэриясынын вице-мэри, Кара-Суу районунун акиминин орун басары, Мады айыл өкмөтүнүн, Сарай айыл өкмөтүнүн, Сары-Колот айыл өкмөтүнүн, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчылары.

Буларга удаа эле президенттин Ош облусундагы өкүлунүн биринчи орун басары Уристем Манапов иштен кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бажыда ири коррупциялык система түзгөнү үчүн соттолгон Райымбек Матраимовду "мафия" деп атаган.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Райымбек Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Быйыл октябрда кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов атайын кызматка сурак берген.

Андан кийин аны менен байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынганы белгилүү болду. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG