Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Баткен милициясы Андаракта беш келин өз жанын кыйганын маалымдады


Лейлек районунун Андарак айылында өз өмүрүнө кол салган келинди жерге берүү зыйнаты. 5-декабрь, 2023-жыл
Лейлек районунун Андарак айылында өз өмүрүнө кол салган келинди жерге берүү зыйнаты. 5-декабрь, 2023-жыл

Лейлек районунун Андарак айылында жыл башынан бери жети аял өз өмүрүнө кол салып, бешөө каза болду. Алардын эң жашы 20, улуусу 43 жашта болгон.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясы 6-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, кыз-келиндердин эмне себептен суицидге барганы белгисиз.

Милициянын териштирүүсүндө алар келин болуп түшкөн үйлөрдө социалдык кыйынчылыктар бар экени жана күйөөлөрү чет жакта иштеп жүргөнү аныкталган.

Облустук ички иштер башкармалыгы 2023-жылдын 11 ай ичинде Андарак айылы караган Сумбула айыл аймагы боюнча жети үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, жети коргоо ордери берилгенин кошумчалады.

"Коргоо ордери берилген үй-бүлөлөрдө кайрадан зомбулук фактылары катталган эмес", - деп жазылган маалыматта.

«Азаттыктын» кабарчылары Андарактагы бул окуялар боюнча атайын иликтөө жасап жаткан учурда суициддин 10 учуру катталганы билинген. Алты келин каза тапканы белгилүү болгон. Келиндер дары, уксус ичип же муунуп каза болгонун алардын жакындары айтып беришкен.

Иликтөө «Азаттыктын» эфирине даярдалып жатат.

Лейлек районунда келиндердин суициди тууралуу маселени буга чейин депутат Жанарбек Акаев парламент жыйында көтөрүп, маселеге көңүл буруу зарылдыгын айткан.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8,5 миң учур катталган. 7,4 миң аялга милиция коргонуу ордерин жазып берген.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. (JsA/AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG