Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

АКШ Украинага 175 млн долларлык жардам берет


Украинага берилүүчү аскердий жардам жүктөлгөн жүк ташуучу учак. (архив)
Украинага берилүүчү аскердий жардам жүктөлгөн жүк ташуучу учак. (архив)

Американын Украинага кезектеги жардамы аба соккусунан коргонуучу куралдар, HIMARS үчүн жана артиллериялык курал-жарактар, радиацияга, танкка каршы ок-дарылар, аскер техникаларынын тетиктери жана башкаларды камтыйт.

Бул тууралуу "Америка авазы" радиосу маалымдады.

"Орусия согушту жана ырайымсыз баскынчылыгын токтотуп, аскерлерин Украинадан чыгарып кетмейинче, АКШ Украинанын артында турган 50дөн ашуун өлкөнүн коалициясын жетектөөнү улантканы өтө маанилүү", - деп билдирди АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен.

Блинкендин сөзүнө караганда, Конгресс улуттук коопсуздукту камсыздоого кошумча каражат бөлүү чечимин кабыл албаса, бул Украинага берилүүчү акыркы жардамдардын бири болот.

Мамкатчы Украинага Орусиянын баскынчылыгынан коргонууга жана анын келечегин камсыздоого берилүүчү жардам АКШнын улуттук коопсуздугуна тиешелүү экенин жана жалпы дүйнөдөгү тынчтык менен туруктуулукка таасири тиерин айтты. Конгресс улуттук коопсуздукту камсыздоого каражат бөлүүнү тез арада чечүүсү зарыл экенин белгиледи.

Шаршембиде АКШ президенти Жо Байден Конгресстеги республикачыларга кайрылып, Украинага жаңы жардам берүүгө чакырган. Ал Москва Украинаны жеңип алса, НАТОнун мүчөлөрүнө жана анын өнөктөштөрүнө кол салышы мүмкүн экенин эскертти.

"Путин Киевди каратып алуу менен токтобойт, - деп белгиледи Байден, - Ал НАТОнун өнөктөштөрүнө кол салат, мына ошондо америкалык армия орус армиясы менен согушат".

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Бул аралыкта АКШ Украинага коопсуздугун камсыздоо үчүн 44 миллиард доллардан ашуун аскердик көмөк көрсөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG