Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Интернаттарга видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасы берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова министрликке тиешелүү бардык социалдык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Ушул жылдын сентябрь айында министр кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында бардык социалдык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу боюнча тапшырмаларды берген. Министрдин тапшырмасынын алкагында бардык мекемелер видеокөзөмөл жабдуулары менен камсыздалууда”, - деп айтылат маалыматта.

6-декабрда Интернетке интернат үйүндө белгисиз адам майыптыгы бар кишини сабап жатканы тартылган тасма тараган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) видео 2021-жылы кышында Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тартылганын, тасма майыптар үйүнүн кызматкерлеринин ич ара келишпестигинен улам ачыкка чыгып кеткенин билдирген.

Майыптыгы бар адамды урган киши ушул тапта сөз болуп жаткан мекемеде бригадир болуп иштеп атканы аныкталган. Ал 2021-жылы ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы бейтапты качып кеткен жеринен таап келип, кийин коркутуп коюу үчүн опузалаганын айткан.

Бул факты Кадамжай райондук милициясында катталып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу 17 социалдык стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын ичинен 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358 чоң адамдар психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG