Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Данияда диний тексттерди шылдыңдоону тыйган мыйзам кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мыйзам долбоорун кабыл алууга парламенттеги депутаттардын 94ү "макул", 77си "каршы" добуш берди. Добуш берүүгө чейин долбоор кызуу талкууланды.

Жаңы мыйзамга ылайык диний тексттерге "ылайыксыз мамиле" кылууга тыюу салынат. Баш ийбегендер айып пул төлөйт же эки жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Мыйзамдын демилгечилери жана тарапташтары буга чейин Куран китептеринин өрттөлүшүнөн Даниянын мусулман дүйнөсү менен мамилеси бузулганын, өлкөдө террордук кол салуу коркунучу күчөгөнүн билдиришти.

Быйылкы 21-июлдан 24-октябрга чейин желек жана китеп өрттөлгөн 483 учур катталганын Би-Би-Си Дания полициясынын маалыматына таянып жазды.

21-сентябрда 500дөн ашуун сүрөтчү, жазуучу, актер, режиссер, журналист жана карикатуристтер мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылган петиция чогултушкан. Алар мыйзамды "искусство жана сөз эркиндигине, эркин жана демократиялык коомго кол салуу" деп аташкан.

Оңчул-орточул коалициялык өкмөттүн башчысы Метте Фредериксен динди сындоону эч ким тыйбаганын, ал мурдагыдай эле мыйзамдуу бойдон кала берерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG