Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:17

Тууну коргогон активист эки айга камалды


Активист Автандил Жоробеков Свердлов райондук сотунда. 8-декабрь, 2023-жыл
Активист Автандил Жоробеков Свердлов райондук сотунда. 8-декабрь, 2023-жыл

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасы 8-декабрдын кечинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды.

Сот отуруму башталарда активист "мыйзамсыз" кармалаганын айтып, коюлган айыптардын "негизсиз" экенин билдирди.

“Баары жомок. Тууну коргоо кылмышпы? Кылмыш эмес. Мен мындан кайтпайм. Кыскача айтканда, бийликти басып алуу деген айып коюп жатышат. Буга чейин райондук милиция, УКМК чакырып, бул жолуңдан кайт, камаласың дешти. Мен кайтпайм дедим. Ага чейин парламент тууну өзгөртүү демилгесинен кайтса, митингге чыкпайм дегем”, - деди Жоробеков.

Сот ошондой эле Жоробековдун кармалышын да мыйзамдуу болгон деп тапты.

Жоробековдун адвокаты Махабат Мамасалиева доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын "Азаттыктын" кабарчысына айтты.

Активист 7-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, кечинде кармалган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылды.

Активист Автандил Жоробеков Свердлов райондук сотунда сүйлөп жатат. 8-декабрь, 2023-жыл
Активист Автандил Жоробеков Свердлов райондук сотунда сүйлөп жатат. 8-декабрь, 2023-жыл

Адвокат Мамасалиеванын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык милициясы Жоробековго 6-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеого байланыштуу иш козгогон. Ал видеодо активист акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасында "жылыш жок" деп айтып, желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.

7-декабрдын кечинде Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына: "Мени кармап, телефонумду алып жатышат. Аягына чейин! Желек өзгөрбөйт!", - деген билдирүү жарыялаган.

Көп өтпөй укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова камалган активисттин үйүндө тинтүү болуп жатканын Фейсбукка жазган.

Андан мурдарак Жоробековдун жубайы Мээрим Садыкова Бишкек шаардык милициясынын имаратынан чыгып, жашаган жерине баратканын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын үйүндө тинтүү жүргүзүүгө камынып жатканын айткан.

Адвокат Мамасалиева 8-декабрга караган түнү Жоробековдун үйүндө тинтүү болгонун, милиция кызматкерлери активисттин техникаларын алып кеткенин "Азаттыкка" ырастады.

“Үйү тинтилип андан кийин компьютер жана электрондук жабдыктарын алып кетишти. Туугандарынын машинесин дагы тинтишти. Ал (Афтандил Жоробеков-ред.) “Мен эч кандай мыйзамды бузган жокмун, тууну өзгөртүүгө тынч митинг болмок, акырына чейин турам деген сөзүмдү айтып койгула” деп айтты", - деди жактоочу.

Ички иштер министрлиги мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековдун кармалышы боюнча 8-декабрдын кечинде гана маалымат таратты.

ИИМ Жоробеков "массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасоого шек саналып" жатканын билдирди.

Активисттин жашаган жерин тинтүү маалында далил катары бир нече уюлдук телефондор, фотоаппарат, Dell, MacBooК, Leonovo жана башка үлгүдөгү ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталары табылганын кабарлады.

Активист Автандил Жоробековдун үйүнөн табылды делген буюмдар. ИИМ тараткан сүрөт. 8-декабрь, 2023
Активист Автандил Жоробековдун үйүнөн табылды делген буюмдар. ИИМ тараткан сүрөт. 8-декабрь, 2023


"Шектүүгө таандык болгон техникалык каражаттардын орточо баасы 3 000 000 сомдон ашык сумманы түздү. Ыкчам маалыматка ылайык, шектүү А.Ж. көптөгөн техникалык каражаттарды "Temirov Life" жана башка чет өлкөдөн каржыланган блогерлер менен биргеликте колдонуп, коомдун оюн терс жакка бурмалоо жана республикадагы кырдаалды туруксуздаштыруу максатында уюштурган", - деп жазылган маалыматта.

Тууну өзгөртүүгө каршы болгон активисттин кармалышын айрым укук коргоочулар кескин сындап, муну адам укугу, эркин пикир айтууга басым катары баалап жатышат. Алардын бири жарандык активист Перизат Сайитбурхан:

“Кыргызстандын азыркы желегин коргоду деп камакка алуу – абсурд. Такыр ойго сыйбаган нерсе. Бул өлкөдөгү адам эркиндигин абалынын оор экенин көрсөтөт. Мурда саясатчылар же таасирдүү адамдардар десек, эми жөнөкөй адам камалып жатат. Ошол тынч митингге ашып кетсе 100 киши келмек. Өлкө авторитаризмге баратпай эле авторитаризмде жашап жатат. Желек эле эмес акын, куудулдардан бери бири-бирин тыйып жатат”, - деди активист.

Ал эми эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев күч кызматтарынын коомдук коопсуздукту сактоо үчүн анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүн текшеришин туура деп эсептейт.

“Укугун чектеп салды, мыйзамсыз кармады деп айтууга болбойт. Тууну себеп кылып, жалпы элди бийликке каршы чыгууга же чакырыктарында мамлекеттик түзүлүшкө каршы элементтер болушу мүмкүн”.

Жоробеков 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрөрүн социалдык медиадагы баракчаларында жарыялаган.

2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы "Туудан колуңду тарт!" автожүрүштөн улам чакырганын жазган.

"Калк желектин өзгөрүшүнө каршы. Муну акындарыбыз да, спортчуларыбыз да айтып жатат. Бирөө-жарым акция уюштурат бекен деп бир аптадан бери күттүм. Анан өзүм Горький гүлбагында акция өткөрүп, пикир билдирүүнү чечтим", - деген Жоробеков атайын кызматтын өкүлдөрү бир сааттан ашуун аны менен сүйлөшкөнүн, бирок өз оюнан кайтпай турганын кайталаган.

Бишкек: Тууну өзгөртүүгө каршы акция өтпөй калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

3-декбарда милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү берген соң автожүрүш болбой калган.

Жарандык позиция, сурак, абак

2021-жылдан бери активист Инстаграмдагы bespredelkg30 баракчасын иштетип келет. Анда ал бийликтин убадалары, элдин башына түшкөн көйгөйлүү маселелер, курулуш тармагындагы кемчиликтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын парламенттеги айрым билдирүүлөрү тууралуу постторду чыгарат.

2019-жылы 24-ноябрда УКМК «БеспределKG» баракчасынын модератору Жоробековду "аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камаган. Ага "интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген айып койгон.

Жарандык коомдун нааразылык билдирип, бир катар укук коргоо уюмдары активистти эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

2019-жылы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековду үй камагына бошоткон.

Быйыл 27-майда кылмыш иш токтотулганы тууралуу расмий кат алганын активист "Азаттыкка" ырастаган.

Афтандил Жоробеков ким?

Афтандил Жоробеков "Азаттык" радиосунун “Укугум бар” подкастында абакта жаткан күндөрү, сөз эркиндиги, жарандык позициясы тууралуу айтып берген.

Интервьюнун айрым урунттуу жерлерин назарыңызга сунуштайбыз:

  • Бизде депутаттар "Жип" айдайт да. Мындай учурда анын бизнеси бар болсо деле элде мамлекеттен алып жатабы деген күмөн ой жарала берет. Өткөндө бир маалымат окуп калдым, бизде кедейлердин катары калыңдаптыр. Чоңдор жакырчылык, миграция, ажырашуулар көбөйгөнүн көрүп туруп шапар тээп жатса, элдин көңүлү калып, салык төлөгүсү келбегенин түшүнсө болот. Мамлекетке ишеним күчтүү болгондо эл салыкты өз ыктыяры менен төлөмөк.
  • Кыргызстанда азыр тарыхый чоң өзгөрүүлөр, күрөш жүрүп жатат. 50-60 жылдан кийин балдарыбыз Кыргызстан кандай жолду басып өткөнүн билип, таң калат деп ойлойм. Керек болсо ушундай сонун келечек куруп кетишиптир, азыркы жашообуз супсак деп бизге суктанышабы... Европалыктарга деле ата-бабалары баарын белендеп кеткен да. Биз келечек муундун пайдубалын эми түптөп жатабыз. Тарыхтын ушундай кайнаган учурунда жашаганыбыз үчүн бактылуу муунбуз.
  • Тарыхты карасак, 90-жылдары элдин көбү эгемендик, эркиндик деп жүргөн. Азыр ал кезге салыштырмалуу адамдар жакшыраак жашайт. Бирок биздин коомдо жеке көйгөйдү саясатка чейин аралаштырып жиберген адат пайда болду. Эгемендик орногондон бери беш-алты жолу шайлоо өттү, бирок эч кандай өзгөрүү жок. Эл дагы чарчап, булар кетсе, ордуна кимиси келет деп активдүү болбой жатат. Бийлик элдин кайдыгерлигинен эмес, чарчаганынан пайдаланып жаткан сыяктуу.
  • Бизде парламентаризмди, демократияны жаман көрсөтүү саясаты мурда эле башталган. Мисалы, "мындай болбойт экен, баласы атасын, келини кайненесин укпайт" деп, үйүндөгү маселелерди парламенттик башкаруудан көргөндөр болду. Айрым саясатчылар “Өсөр элге бир башчы, шордуу элге миң башчы” деп тынбай кайталап жүрүштү. Өнүгө турган мамлекетте көз карандысыз маалымат каражаттары болушу керек. Журналисттер президентке, депутаттарга мурдагы сөздөрүн айтып, эске салып турушу абзел. Бейөкмөт уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары иштеп, талап коюп, сындап турса, кийин келген чиновниктер убадаларын азайтып, сактанып калмак.
  • Байкасаңыз, ошол эле маалда бийликке боор тарткан блогерлер интернетте элди бөлүп-жарып, “гейлер, Батыштан акча алат, буларды кууп чыгып же өрттөш керек” деген пикирлерди жазышууда. Мамлекеттик телеканалдар бийликке сын айткандарды каралап жатат. Ошол эле маалда “убадаңарды аткаргыла, люстрация жасаганыңар кана?” деп чыксаң, иш козгоп, оозуңду жапканга аракет кылып жатышпайбы.

Афтандил Жоробеков менен маекти толук бул жерден окуй аласыз.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG