Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Афтандил Жоробеков: Мени сынга чыдабай камашкан


 Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков менен “Укугум бар” подкастында абакта жаткан күндөрү, сөз эркиндиги, жарандык позициясы тууралуу маектештик.

– Афтандил мырза, сиз 26-мартта милицияга сурак берип чыктыңыз. Тергөөнүн мазмуну тууралуу ачык айтпоого кол коюп бергениңизди өзүңүз билдиргенсиз. Сиздин башыңыздан мындай окуя 2019-жылы да өткөн эле. Мен азыр сизден ошол күндөр тууралуу сурагым келет. Камакка алууга себеп болгон жагдайларды өз оозуңуздан уксак.

- 2019-жылы мени “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген берене боюнча кармашкан. Улуттук мамлекеттик коопсуздук боюнча комитетинин кызматкерлери келип “иш козголду, биз менен жүрүңүз” деп алып кетишкен. Каршылык көрсөткөн эмесмин. УКМКга баргандан кийин тергөөчү иш козголгонун угузуп, "күбө катары өтүп жатасыңар, суроолорго жооп бересиңер” деген. Бирок адвокатым жок болгону үчүн жооп берген эмесмин. Кийин кагазды жыртып, “башка иш козголду, бул ирет күбө катары эмес, айыпталуучу катары өтөсүң” деген. Жактоочум келгенде гана өзүм тууралуу маалыматты толук айтып бергем. Ошол маалда тергөөчүнүн өңү өзгөрүп кеткенин байкаган элем, сыягы ал ойлогондой болбой калды окшойт. Анан мени УКМКнын тергөө абагына камап коюшкан. Эки күндөн кийин сотко алып барып, тергөө абагына эки айга камоо чечими чыккан эле.

– Жаңылбасам, сиз анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында 15 күндөй жаттыңыз. Ошол учурда сизге “интернетте чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды айтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн” деген да айып коюлуптур. Чын эле ошондой болду беле? Мындай айыптоо артында кимдер турган деп ойлойсуз?

– Ар кандай жалпыга маалымдоо каражаттарына көз салам, көп окуйм. Өзүм да ЖМКда анча-мынча иштеп жүргөм. Ар кандай адамдар, ошол эле органда иштегендер да мага көп маалымат жөнөтүп турчу. Баарын талдап жүргөм. 2017-жылы шайлоо ыплас өткөнү эсибизде. Өтө көп акча чачылып, мамлекеттин телеканалдары башка талапкерлерди жамандап, ыплас ыкмалар иштеген. Үгүт маалында мамлекеттик органдар кийлигишип, башка талапкерлердин агитаторлорун кармап, “добуш сатып алган” деп каралаган учурлар болгон. Ошол кездеги президент Атамбаев менен андан кийин шайланган Жээнбеков бир команда эле. Кийин экөөнүн мамилеси бузулганда бири-бирине каршы компроматтарды чыгара баштады. Адашпасам, ошол кезде адвокат Нурбек Токтакунов шайлоого ким канча акча бергени жөнүндө маалыматты таратып жиберген.

Мен ушунун баарын эле тайпага чыгара берчүмүн. “Райым миллион” атыккан Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду көп сындадым. Ал жылдары жарандык коом “Райымды камагыла” деп бир канча митингдерди өткөрдү.

– Журналисттик иликтөөлөр да чыкпадыбы...

– Ооба, “Азаттык” баштаган медиаларда чыгып жатты. Ошол сындарга чыдабай кетип мени камашкан десем болот.

– Суракка барганда, камерада жатканда кысым болдубу?

– Чындыгында, оорукчан адам гана абактан коркпойт дешет. Ал жерде жатканды эч кимге каалабайм, кайсы бир деңгээлде коркунуч болот. Бирок мен сынбадым. Тергөөчүлөр суракка алган сайын “кечирим сурап кой, чыгарабыз” деп айтып жатышты. "Мен идея үчүн иштеген адаммын, коркпойм. Нельсон Мандела, Эрдоган деле түрмөдө отурган, мен дагы отура берем, камерада математика, китеп жазуу менен алектенем. Канча жыл камасаңар, рухий жактан ошончолук байыйм, эркиндикке чыкканда дүйнөдөгү эң жакшы окуу жайларга өтөм, керек болсо Нобелди алам, камай бергиле” дедим.

Тергөөчүлөр таң калып “эй, сен кандай адамсың? Бул жерге келген адамдар чыгаргыла деп ыйлайт. Сен болсо кама деп тетири сүйлөп жатасың" дешкен. “Райымды камабай, идея үчүн башын сайган блогерди камадыңар” дегем. Кийин байкасам, тергөөчүлөр элден сестенип калган окшойт. Ал жерде иштеген күзөтчүлөр да “сени колдойбуз, коркпо, чыгасың” деп дем бере баштады. Ошондон кийин ого бетер чыйралдым.

"Абакта убакыт өтпөйт"

– Тергөө абагында психологиялык басым-кысым, кыйноо болгон эмеспи?

– Камалгандан кийин абак кызматкерлери мага эки-үч күндөй китеп бербей коюшту. Бирок ал жерде “положенец, смотрящий” дегендер жок экен. Мени “расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу деген шек менен №1 тергөө абагына которобуз" дешти. Тергөөчү бир суракта “башка улуттагы адамдар жаткан камерага киргизип коёбуз, кайсы берене менен камалганыңды укканда жаман кылышат” деген. Мен жаш баланы коркуткансып сүйлөйсүз деп күлсөм, тергөөчү өзү да күлүп жиберген эле.

– Психологиялык чабуулдар болгон турбайбы. Абакта жатканда убакыт өтпөй, депрессия болсоңуз керек. Ошол учурда убакытты кандай өткөрдүңүз, кыйынчылыкты кантип жеңдиңиз?

– Абакта убакыт өтпөйт. Түнкү саат эки-үчтөргө чейин уктабай жүрө бересиң. Жанымда спорт залы бар эле, күндүз УКМКнын кызматкерлеринин чуркаганы, кыйкырганы угулуп турчу. Жата берсең, оюңа жаман нерселер келе берет экен. Кээде туруп дене көнүгүүлөрүн кыласың. Мен көбүнчө китеп окуп жаттым. Теодор Драйзердин “Титанын”, Жорж Оруэллдин “1984” романын ж.б. детектив чыгармаларды окуп чыктым.

– Ал китептерди сизге ким берди?

– УКМКнын китепканасында бар экен. Көп эле китептери бар окшойт, баарын окуганга жетишпей калдым.

– Бизге камоонун төркүнү кызык болду. Интернетте тайпа ачып, пикир айтканы үчүн кылмыш иши козголуп, камалган окуяга ошондо алгач ирет күбө болдук эле. Тергөө иши, сурак кандай мүнөздө жүргөнүн айтсаңыз?

– Коомдо биримдик болуп, катуу талаптар коюлса, бийлик деле сестенет экен. Мен камалгандан алты-жети күн өткөндөн кийин тергөөчүлөрдүн этияттанып сүйлөп калганын көрүп, бийликтин иши чатак экенин сезгем. Башында үйүмө чейин келип тинтүү жүргүзгөндөр “сен эмнеге Жээнбековго тийишесиң? Жээнбеков бар – Кыргызстан бар, ага тийишпеш керек” дешкен. Кийин, 2020-жылы бийлик алмашканда, Жээнбековду жактагандардын бири да аны колдоп чыкпады. Чын дилден жакшы көрсө жанында турмак да. Жээнбеков үчүн жанын берчүдөй болгон министрлер, тергөөчүлөр ж.б. бири да кийин аны колдобой койгонун көрдүк.

"Биз тарыхты жасап атабыз"

– Абактан чыккандан кийин, жаңылбасам, Данияда жашап келдиңиз окшойт?

– Данияга абактан чыккандан туура эки жыл өткөндөн кийин, былтыр, 2022-жылы майда баргам. Ал жакта карындашым жашайт, анын чакыруусу менен барып, көрүп келдим.

– Социалдык баракчаңызда Европанын жашоосу жөнүндө жаза баштадыңыз анан?

– Данияда айлыктын жарымын эле мамлекет алып коёт. Бирок бала бакча, мектеп, университет, ооруканалар элге акысыз кызмат көрсөтөт. Байкаганым, Даниянын эли өтө билимдүү, англис тилин суудай сүйлөшөт. Ден соолуктары жакшы, туура тамактанып, көбү шаарда велосипед тээп жүрөт. Тыгын, ыш жок.

Даниялык жаштардан, бизнесмендерден “силерде пара алышабы” деп көп сурадым, баары “эч ким албайт, биз да бербейбиз” дешти. Эл мамлекетке ишенгени үчүн салык төлөйт экен, мамлекет эл төккөн салыкты актап иштейт экен. Депутаттары жумушка велосипед менен барат. Мамлекет чыгашасын болушунча азайтып, жупуну жашоого өтүп жатканына күбө болдум.

- Бизге салыштырдыңыз анан?

- Бизде депутаттар "Жип" айдайт да. Мындай учурда анын бизнеси бар болсо деле элде мамлекеттен алып жатабы деген күмөн ой жарала берет.

Өткөндө бир маалымат окуп калдым, бизде кедейлердин катары калыңдаптыр. Чоңдор жакырчылык, миграция, ажырашуулар көбөйгөнүн көрүп туруп шапар тээп жатса, элдин көңүлү калып, салык төлөгүсү келбегенин түшүнсө болот. Мамлекетке ишеним күчтүү болгондо эл салыкты өз ыктыяры менен төлөмөк.

– Сиздин Данияга барганыңызды көрүп, камалып чыккандан кийин саясий качкын болуп кетти го деп ойлодум эле. Андай ниет болгон жокпу?

– Ал жерде жашоо тынч экен. Кыргызстанда болсо азыр тарыхый чоң өзгөрүүлөр, күрөш жүрүп жатат. 50-60 жылдан кийин балдарыбыз Кыргызстан кандай жолду басып өткөнүн билип, таң калат деп ойлойм. Керек болсо ушундай сонун келечек куруп кетишиптир, азыркы жашообуз супсак деп бизге суктанышабы... Европалыктарга деле ата-бабалары баарын белендеп кеткен да. Биз келечек муундун пайдубалын эми түптөп жатабыз. Тарыхтын ушундай кайнаган учурунда жашаганыбыз үчүн бактылуу муунбуз.

Кемпир-Абад, убада жана эркиндик

– Сиз абакта жатканда жарандык коомдун мүчөлөрү колдоо көрсөткөн. Бийлик алардын пикири менен эсептешүүгө аргасыз болгон. Бирок азыр Кемпир-Абад боюнча камалгандардын көбү ооруганына карабай чыга албай жатат. Суроо берейин дегеним, жарандык коомдун күчү мурдагыдан тайып калдыбы? Сиздин байкооңуз кандай?

– Тарыхты карасак, 90-жылдары элдин көбү эгемендик, эркиндик деп жүргөн. Азыр ал кезге салыштырмалуу адамдар жакшыраак жашайт. Бирок биздин коомдо жеке көйгөйдү саясатка чейин аралаштырып жиберген адат пайда болду.

Эгемендик орногондон бери беш-алты жолу шайлоо өттү, бирок эч кандай өзгөрүү жок. Эл дагы чарчап, булар кетсе, ордуна кимиси келет деп активдүү болбой жатат. Бийлик элдин кайдыгерлигинен эмес, чарчаганынан пайдаланып жаткан сыяктуу. Бул бийлик келгенде чоң убадаларды берген. Анын көбүн аткара элек. Мындай учурда элдин нааразылыгы күчөй берерин түшүнүп турат. Кемпир-Абад маселесинде каршы чыккандарды башкаларды коркутуу үчүн камады деп ойлойм. “Азаттык” баштаган медиаларды кысып, акырындап адамдардын оозун жабуу аракети болуп жаткандай. Кээ бир тааныштар “Бирдемени ачык жазсаң, эл комментарий калтырып, жакты деген белги койгондон чочулай баштады” деп айтып калышат. Алданганын коркутуп, алданбаганын камап жатат.

Подкастты бул жерден угуңуз:

– Быйыл 26-мартта милицияга кайра дагы сурак берип чыктыңыз. Сиз сурактын алдында "интернеттеги пикирлерге байланыштуу чакырган болушу мүмкүн" дедиңиз эле. Негизи интернеттеги пикир үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга болобу? Интернеттин заманында элдин оозун тыюу, пикир жаздырбай коюу мүмкүн эмес болсо керек.

– Байкасаңыз, ошол эле маалда бийликке боор тарткан блогерлер интернетте элди бөлүп-жарып, “гейлер, Батыштан акча алат, буларды кууп чыгып же өрттөш керек” деген пикирлерди жазышууда. Мамлекеттик телеканалдар бийликке сын айткандарды каралап жатат. Ошол эле маалда “убадаңарды аткаргыла, люстрация жасаганыңар кана?” деп чыксаң, иш козгоп, оозуңду жапканга аракет кылып жатышпайбы.

– Сиз бул ирет да мурдагы эле берене менен иш козгоптур деп айттыңыз ээ?

- С.Жээнбековдун тушунда камала электе мага ылым санагандар жогору жактан “Афтандил Жоробековдун мүлкү барбы, текшергиле” деген буйрук түшкөнүн айтышты эле. Кандайдыр бир тендер өткөрүүгө катышы болгонбу деп аны, кийин дипломумду да текшеришиптир. Сотто, прокуратурада иштеген тааныштар телефондон сүйлөшкөнүмдү тыңшаганга уруксат берилгенин эскертишкен. Эч илинчек таба албай, акыры жанагы берене менен иш козгошкон да.

– Чын эле кастыкты козуткан пикирлерди айттыңыз беле?

– Жок, айткан эмесмин. 2019-жылы да айткан эмесмин, жакында да айтпадым. Мунун баары күлкү келтирет. Мэрия же министрликке ишке кирбегеним жакшы болуптур. Эгер илешип калганымда “бийликти басып алууга аракет жасады” деп деле айыптамак окшойт.

– Жана биз тарыхты жасап аткан муунбуз деп айттыңыз, кийин адам укугун сыйлаган, демократиянын аралчасы деген атыбызды сактаган, өнүгүүгө кадам таштаган мамлекет кура алабызбы?

– Саясат - бул күрөш экен. Ар бир саясатчы бийликке келгенге аракет кылат. Бийликке келүү үчүн кээде болбогон убадаларды берип, элдин башын айлантышат.

Бизде парламентаризмди, демократияны жаман көрсөтүү саясаты мурда эле башталган. Мисалы, "мындай болбойт экен, баласы атасын, келини кайненесин укпайт" деп, үйүндөгү маселелерди парламенттик башкаруудан көргөндөр болду. Айрым саясатчылар “Өсөр элге бир башчы, шордуу элге миң башчы” деп тынбай кайталап жүрүштү.

Өнүгө турган мамлекетте көз карандысыз маалымат каражаттары болушу керек. Журналисттер президентке, депутаттарга мурдагы сөздөрүн айтып, эске салып турушу абзел. Бейөкмөт уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары иштеп, талап коюп, сындап турса, кийин келген чиновниктер убадаларын азайтып, сактанып калмак.

Азыр жада калса айылда, аймактарда бир эле президент чечет, президентке кайрылалы, жолуксун, мектеп куруп берсин деп жатышат. Эл туура түшүнүп, талап кылса, көйгөйлөрдү мэрия, айыл өкмөт эле чечип койсо болот. Жергиликтүү бюджет күчтүү болуп, ушундай система кирсе, кичине туруктуулук да орномок. Ырас, бул система деле дароо иштеп кетпейт, кемчиликтери болот, бирок ушул багытта аракет кыла берүү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG