Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

"Бурана гранд" курулуш компаниясынын директору кармалды


"Бурана гранд" компаниясы курган үй. Бишкек. Декабрь, 2023. (Сүрөт УКМКга таандык)
"Бурана гранд" компаниясы курган үй. Бишкек. Декабрь, 2023. (Сүрөт УКМКга таандык)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы “Бурана Гранд” курулуш компаниясынын директору Урмат Ишенбеков кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ага кылмышка кошо катышуу деген айып тагылып 30-ноябрда кармалып, 2024-жылдын 4-январына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Урмат Ишенбеков “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов менен Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу аракеттерин билип туруп, анын каражатын кыймылсыз мүлккө колдонушканы аныкталганы айтылды.

Урмат Ишенбеков, Чолпонбек Акматов жана Камчы Көлбаев “Аврора Групп” ишканасынын ээси Азрет Боотаев менен сүйлөшүп, кылмыш жолу менен алынган акчачаны жашыруу жана кыймылсыз мүлккө инвестициялоо максатында 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан 4 гектар жер тилкесин “Бурана-Гранд” ишканасынан “Каганат Резорт” компаниясына формалдуу сатып алуу келишимин түзүшкөнү такталган.

“Келишимге ылайык, пансионатты иштеткенден кийинки пайда төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшү керек болчу: И.У.И. менен Ч.А. – 22%, К.Асанбекке – 40% жана А.Боотаевге – 38%. Ошол эле учурда И.У.И. менен Ч.А. К.Асанбек менен жеке жолугушууларды өткөрүп, 1,5 миллион АКШ долларынан ашык киреше алууну пландашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Камчы Көлбаев өзүнүн кылмыштуу кирешесин адалдоо максатында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан “Парк Авеню” турак жай комплексин куруп жаткан “Бурана-Гранд” ишканасына курулуп жаткан объектилерине каражатын салган. Мындан тышкары, компания учурда борбор калаадагы цирктин тегерегиндеги 36 сотыхка жакын жерге “Бурана Пелес” турак жай комплексин куруп жатат.

“Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу” беренеси менен шек саналып октябрь айында камалган.

“Каганат Resort” эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана “Аврора Групп” ишканасынын ээси Азрет Боотаев 4-октябрда кармалган. Ал “кылмыштуу кирешелерди адалдоого” айыпталууда.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG