Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Baza: Подмосковьеде орус жарандыгын алган 350 мигрант армияга тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москва облусунда жакында эле орус жарандыгын алган жүздөгөн мигрант армияга тартылганын Baza телеграм-каналы өз булактарына таянып жазды.

“Октябрдын башынан бери 350дөн көп адам армияга кызмат өтөөгө чакыртылды. Алардын 200дөйү ноябрь айында чакыруу алышты”,-деп белгиленет маалыматта.

Мунун алдында эки ай негизинен мигранттар эмгектенген жайларда, анын ичинде базарларда, курулуш аянтчаларында рейддер өткөрүлгөн. Полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган мигранттарды аныктап, аскердик комиссариаттарга алып кеткен. Рейддерге полициячылар менен бирге Тергөө комитетинин өкүлдөрү да катышууда.

Орусияда мыйзамга ылайык, орус жарандыгын алган адам эки жума ичинде аскердик каттоого турушу зарыл. Буга чейин Мамлекеттик Думанын бир катар депутаттары паспорт алып, бирок армияга баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратып, депортациялоо тууралуу сунуштарын айтышкан.

Мындай демилгени бир нече жолу Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин дагы көтөргөн.

Жакында эле Воронеждеги азери ашканасында тинтүү жүрүп, тамактануучу жайдын 50дөй кардарына аскердик комиссариатка чакыруу тапшырылган.

Укук коргоочулардын айтымында, учурда чет өлкөлүктөрдү жарандыгы бар-жогуна карабай ар кандай жолдор менен согушка азгыруу күч алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG