Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Сириядан дагы 31 аял жана 65 бала Кыргызстанга кайтарылды


Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. (Сүрөт ТИМге таандык)
Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. (Сүрөт ТИМге таандык)

“Айкөл-4” гуманитардык миссиясынын алкагында 8-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерде жүргөн 31 аял жана 65 бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн, ошондой эле, БУУнун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине ыраазычылык билдирген.

Буга чейин 22-октябрда “Айкөл” миссиясынын алкагында Сириядан Кыргызстанга дагы 21 аял жана 62 бала алып келинген. Ага чейин 49 аял, 105 бала быйылкы жылдагы эки репатриация иш-чарасынын алкагында Кыргызстанга жеткирилген.

УКМК 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG